Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Делегат Карабаева жабык жайларда адам укугу бузулуп жатканын айтып чыкты


Үчүнчү курултай, архивдик сүрөт.
Үчүнчү курултай, архивдик сүрөт.

Бишкектеги курултайда Ош шаарынан шайланып келген делегат, адвокат Айсалкын Карабаева жабык жайлардагы адам укугуна байланыштуу маселе көтөрдү. Анда түрмөлөрдө соттолуучуларга ырайымсыз мамиле жасалган, кыйноого кабылган учурлар бар экенин айтып, президенттен чара көрүүнү өтүндү.

"Жабык жайларда "өздөрүбүздүн ички эрежелерибиз бар" дешип, ооруган адамдарга бир кашык суу бербестен зар какшатышат. Ооруган адамдар сууга, дарыга муктаж, бирок бул нерсе эч кимди кызыктырбайт. Мейли алар күнөөсү менен соттолушсун, бирок Кыргызстандын толук жараны болгондуктан адамча жашоого алар дагы укуктуу. Ошондой эле аларга тамак киргизүү үчүн алардын ата-энелери дагы таңкы саат 6дан баштап кезекке турушат. Кундүн ысыгында беш-алты саат кезекте туруп, алып келген тамактары ачып да калат. Бирок ошол эле тамактар абакка кирет. Бүгүнкү күндө суукка байланыштуу ата-энелери киргизген жылыткычтар да алынып, учурда алар үшүп жатат. Мен муну дагы кыйноо деп баалайм. Урматтуу президент, ушул жакка көңүл буруп койсоңуз. Ошондой эле мунапыс мыйзамын дагы карап берсениз",-деди Карабаева.

Адвокат көтөргөн бул маселеге президент Садыр Жапаров азырынча комментарий бере элек.
Жаза аткаруу кызматы дагы үн катпай турат.

Буга чейин дагы түрмөлөрдөгү ырайымсыз мамиле, кемсинтүү тууралуу маселелер байма-бай көтөрүлүп келген, бирок абак башчылары дооматтардын баарын четке кагышкан.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG