Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Курултайда кыргыз-казак чек арасындагы Чүй дарыясынын жээги кемирилип жатканы дагы айтылды


"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, гектарлаган жер казак тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.
"Азаттык" кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын сол жээги желип, гектарлаган жер казак тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунан шайланып келген делегат Урманбет Албанов кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясынын жылдан жылга кемирилип жаткан кыргыз тараптагы жээгин бекемдөөгө байланыштуу маселе көтөрдү. Убакыт чектелүү болгондуктан ал бул көйгөйгө кеңири токтолгон жок.

Чүй дарыясына байланыштуу буга чейинки курултайларда да делегаттар айтып чыгышкан.

Буга карабай, былтыр жээкти бекемдөөгө 80 миллион, мурдагы жылы 50 миллион сом гана берилгени белгилүү болгон, быйыл бюджеттен канча каражат каралганы маалымдалган эмес.

"Азаттык" былтыр 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деп аталган иликтөө жарыялаган.

Анда Чүй дарыясы сол жээгин жеп, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан.

Буга чейин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан.

2012-жылы Жогорку Кеңештин тармактык комитети өкмөттү жыл сайын Чүй дарыясын бекемдөө иштерине 200 миллион сом бөлүп берип турууга милдеттендирген.

Кыргыз тарап 2013-жылы дарыянын сол жээгин иликтеп чыгып, кооптуу, дамба курулушу керек деген, жалпы узундугу 65,5 чакырымды түзгөн 193 тилкени тактаган.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG