Улуттук коопсуздук комитети коммерциялык жайды рейдерлик жол менен басып алуу фактысы боюнча «МБЭ Групп» компаниясынын башкы директору Ш.Б.Г аттуу кармалып, негиздөөчүсүнө издөө жарыялады. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, атайын кызматка Бишкектин 3-кичи районундагы жайгашкан “Альянс Курулуш Плюс” компаниясы куруп жаткан көп кабаттуу турак үйдүн үлүшчүлөрү кайрылган. Алар бул объектини “МБЭ Групп” деп аталган компаниянын негиздөөчүсү рейдерлик жол менен басып алып, курулушка жолтоо болуп жатканына даттанган.
УКМК териштирүүлөрдүн жүрүшүндө сөз болуп жаткан көп кабатуу имаратты 2026-жылы “Альянс Курулуш Плюс” компаниясы менен “МБЭ Групп” биргеликте курууга келишим түзгөнүн, бирок кийин “МБЭ Групптун” негиздөөчүсү М.Б.Э аттуу жаран маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жардамы менен аталган объектини тартып алганы белгилүү болгонун билдирди.
Буга байланыштуу кылмыш иши козголуп, 23-декабрда "МБЭ Групп" компаниясынын башкы директору Ш.Б.Г. камалып, компаниянын негиздөөчүсү М.Б.Эге издөө жарыяланганын УКМК кабарлады.
“МБЭ Групп” компаниясынын негиздөөчүсү катары ишкер Бозулан Мамазаиров көрсөтүлгөн. Ал эми компаниянын башкы директору Бакыт Шадыеванын аты-жөнүнө туура келет.
Бозулан Мамазаиров өлкөдөгү белгилүү ишкерлердин бири. Ал 2000-жылдары Кыргызстанда казинолор жана мейманканаларды негиздеген. «МБЭ Групп» компаниясынын сайтында Бозулан Мамазаиров Бишкек, Ош, Жалал-Абаддагы “Жаннат Резорт” мейманканалары, Бишкектеги “Таш-Рабат” соода борбору баштаган бир нече ишканалардын ээси экени көрсөтүлгөн.
УКМКнын маалыматы боюнча кылмыш иши козголгон ишкерлер жана алардын адвокаттары комментарий бере элек.
Шерине