Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Bloomberg: Орусия тынчтык планына өзгөртүү киргизүүгө аракеттенет


Орусиянын президенти Владимир Путин
Орусиянын президенти Владимир Путин

Москва Украина менен АКШнын талкууларынын жыйынтыгында даярдалган 20 пункттан турган тынчтык планга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кыларын Bloomberg Кремлге жакын булактарына таянып жазды.

Аталган агенттиктин маектешинин айтымында, Москва бул пландын айрым пункттарында Орусия үчүн маанилүү жоболор көрсөтүлбөгөндүктөн, аны мындан ары сүйлөшүүлөр үчүн баштапкы негиз катары карап жатат.

Орусия НАТО чыгышты көздөй кеңейүүнү көздөбөй турганына кепилдик алууну жана Украина Евробиримдикке кирсе дагы бейтарап деген статусун сактап калуусун кааларын булактар маалымдады.

Ошондой эле 20 пункттан турган бул документте согуш бүткөндөн кийинки Украина куралдуу күчтөрүнө чектөөлөр боюнча Москванын сунуштары эске алынбай калганы, бул өлкөдө орус тилинин статусуна байланыштуу так кепилдиктер жок экени айтылат.

Орусия ошондой эле санкцияларды алуу, Орусиянын Батышта тоңдурулуган активдеринин келечеги тууралуу тактык болуусун талап кылууда.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун 24-декабрда айткандарына караганда, Орусиянын президенти Путин соңку сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат алган. Ошондуктан жакын арада Кремль Вашингтон менен өз позициясы тууралуу сүйлөшүүлөрдү улантат. Песков кошумчалагандай, азыркы тапта Путин менен АКШ президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүсү пландаштырылган эмес.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-декабрда журналисттер менен жолугушууда акыркы жумаларда АКШ, Украина жана европалык тараптар иштеп чыккан тынчтык планынын долбоорун тааныштырган.

Анын айтымында, АКШ менен Украина согушту аяктоого багытталган 20 жободон турган негизги документти даярдашкан.

Долбоорго ылайык, Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн саны тынчтык мезгилинде 800 миң адам аскердин тегерегинде сакталат.

Документте АКШ, НАТО жана келишимге кол койгон европалык мамлекеттер Украинаны аскердик альянстын бешинчи беренесине окшош коопсуздук кепилдиктери менен камсыздоо каралган. Ал беренеде альянстын бир мүчөсүнө кол салуу бардыгына кол салуу дегенди билдирет.

Ал эми Донбасс жана Запорожье атомдук электр станциясы боюнча азырынча мунаса табыла элек. (KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG