Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:20

COVID-19: Вирус дагы 142 адамдан табылды, эки бейтап каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 3-апрелдеги маалыматына караганда, соңку бир сутка вирус дагы 142 адамдан табылды. Көбү Бишкек шаарында (90) жана Чүй облусунда (44).

Илдеттен эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1502 адамга жетти.

Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 88 842 адам.

Бир күндө 82 адам айыгып чыкты. Учурда ооруканада 564 адам илдет менен алышып жатат.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталды. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканаларда, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери айтылган.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. (MiK)

XS
SM
MD
LG