Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Кытай элчилиги Шакировдун өлүмүнө байланыштуу билдирүү таратты


Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имараты. Бишкек. 

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин башчысынын орун басары Бахтияр Шакировдун өлүмүнө байланыштуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги атайын билдирүү таратты. Мекеме такталбаган, жалган маалымат тараткандар, кыргыз коомчулугунда терс пикир жаратып жатканын белгилейт.

“Мындай иштер эки элдин достугуна көлөкө гана түшүрбөстөн, маркумдун элесине сөз тийгизет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Шакировдун өлүмүн Бишкек шаардык милициясы иликтеп-териштире баштады.

Баштапкы кабарларга ылайык, Шакиров 1-апрелге караган түнү Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна дарыларын көтөрүп барып, ийне сайдыргандан кийин көз жумган.

Ага чейин Саламаттык сактоо министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова "Фейсбуктагы" баракчасына маркумдун жакындарына шилтеме кылып ал COVID-19 илдетине каршы вакцина алганын жазган. Министрлик бул маалыматты төгүндөп, маркумдун аты-жөнү эмдөөдөн өткөндөрдүн тизмесине катталбаганын билдирген. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн комиссия түзүлдү.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта Кытай берген SinoPharm вакцинасы менен баштаган. Планга ылайык биринчи этапта медкызматкерлер, күч кызматкерлери, мугалимдер жана соцкызматкерлер эмделет. Дипломатиялык мекеме өкүлдөрү бул тайпага кирбейт.

Республикада коронавирус жуккандардын расмий саны 88 миңден ашып, өлгөндөр 1500ге жетти. (MiK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG