Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

Журналист Жаркын Суран кызы узак оорудан каза болду


Жаркын Суран кызынын абактагы жарандан интервью алып жаткан учуру. "Азаттыктын" архиви.
Жаркын Суран кызынын абактагы жарандан интервью алып жаткан учуру. "Азаттыктын" архиви.

"Азаттык" радиосунда көп жыл эмгектенип жүрүп эс алууга чыккан журналист Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам көз жумду. Ал өткөн жылы октябрь айында жүрөгүнөн операция болгон.

Жаркын Суран кызы 1955-жылы Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Тоо-Дыйкан айылында туулган. Ал айтылуу Салижан Жигитовдун жердеши болгон.

Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) филология факультетинде журналистика адистигинде окуган.

Журналисттик эмгек жолун райондук “Өзгөн нуру” гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштап, редакторлукка чейин жеткен. Ал оболу аймактагы жергиликтүү элдин социалдык турмушуна, аялдардын укуктарына байланышкан көйгөйлөрдү көтөрүп чыккан журналист катары таанылган.

Жаркын Темирбаева журналисттик ишин 1990-жылдардын жарымынан тарта “Азаттык” радиосунда улантып, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен журналист катары калыптаган.

Анын Аскар Акаевдин президенттик бийлиги маалында саясий куугунтуктоонун айынан абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев менен, андан соң абактагы (мурдагы вице-президент) Феликс Кулов менен абактан алынган маектери эл аралык коомчулукта өзгөчө кызыгуу жараткан (абактын ичинен маек алуу менен байланыштуу бул окуялар жалпы пост-советтик Борбордук Азия журналистикасы үчүн алгачкы учурлардан болуп калган).

Темирбаеванын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов, "Азаттыктын" ардагери Азамат Алтай жана башка тарыхый инсандар менен маектери, Пакистандагы кыргыздардын тобу жаатындагы макаласы сыяктуу "Азаттык" обого чыгарган көөнөргүс маалыматтары эл эсинде калды.

Кийинчерээк ал "Зындан" аттуу эркин гезит чыгарып, анда бейкүнөө соттолгондордун, өлүм жазасына тартылгандардын укуктарына байланышкан маалыматтарды, талдоолорду, инсандык бейнелерди жана маектерди басып чыгарып турган. 1990-жылдагы Ош окуясы тууралуу ал эскерүүлөрдү жазган.

Жаркын Суран кызы Темирбаевага 2010-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" мамлекеттик наамы ыйгарылган.

2013-жылы ал "Азамат Алтай" эл аралык коомдук фондунун сыйлыгын алган. Мындан башка да ондогон сыйлыктардын ээси. Жумурият коомчулугу аны кыргыз журналист айымдарынын жана жарандык коомунун жигердүү өкүлү катары өзгөчө кадырлап келген.

Учурда Түрк Кеңешиндеги (Стамбулдагы) Кыргызстандын өкүлү, кыргыз эл жазуучусу, мурдагы "Азаттыктын" кабарчысы Султан Раев "Фейсбуктагы" барагында маркумга арнап төмөнкү саптарды жазды:

"Айтматовго чогуу барганыбызда берген сурооңузду эстеп, узун сабак сөз кылдыңыз эле. Чыкем ошондо бир башка... Үшкүргөнүн... ал үшкүрүк жоготуу менен армандын үшкүрүгү экенин кийин сездик, улуу инсан ушул үшкүрүккө адамдык улуу арманды катып келген экен... Алыста жүрүп, сиздин узак сапарга, түбөлүктүү сапарга кеткениңизди угуп, үшкүрүп отуруп калдык. Ал үшкүрүк жоготуунун үшкүрүгү. Ыйманыңыз салабат болсун. Нурлуу жайдан орун алыңыз!"

Маркумдун сөөгү Кыргызстандын Ош облусундагы Өзгөн районунун Көлдүк айыл өкмөтүнө караштуу Тоо-Дыйкан айылында коюлат. Тажиясы 4-апрелде саат 10:00дө башталат.

"Азаттык" үналгысынын жамааты маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

XS
SM
MD
LG