Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:25

Жаркын маанай чачкан журналист түбөлүк жайга кетти

"Азаттык" үналгысында көп жылдар бою эмгектенип жүрүп, эс алууга чыккан журналист жана коомдук ишмер Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан көз жумду. Анын жаркын элеси өзү жарыялаган жана обого чыгарган эмгектеринде, замандаштарынын жүрөк толтосунда жана сүрөттөрдө калды.

Жаркын Суран кызы өткөн жылы октябрь айында жүрөгүнөн операция болгон.

Ал 1955-жылы Өзгөн районунун Тоо-Дыйкан айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) филология факультетинде журналистика адистигинде окуган. Ж.Темирбаева журналисттик ишин 1995-жылдан тарта “Азаттык” үналгысында улантып, адам укуктары, аялдар укугу багытында адистешкен тайманбас журналист катары кеңири таанылган.

Анын Аскар Акаевдин президенттик бийлиги маалында саясий куугунтуктоонун айынан абакта жаткан оппозициячыл саясатчы Топчубек Тургуналиев менен, андан соң абактагы Феликс Кулов менен абактан алынган маектери (абактын ичинен маек алуу менен байланыштуу бул окуялар жалпы пост-советтик Борбордук Азия журналистикасы үчүн алгачкы учурлардан болуп калган) эл аралык коомчулукта өзгөчө кызыгуу жараткан.

Мээримдүү элесиңиз эч качан эстен кетпейт.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
Жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

"Азаттык" үналгысынын жамааты.


XS
SM
MD
LG