Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Сегиз адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы


Бишкек-Ысык-Көл жолу.
Бишкек-Ысык-Көл жолу.

19-декабрда Токмок шаарын айланып өткөн жолдогу кырсыкта сегиз киши каза болду. Дагы үч адам ооруканага түштү. Бул окуя жол коопсуздук темасын кайрадан күн тартибине чыгарды.

Сегиз кишинин өмүрүн алган жол кырсыгы Бишкек – Торугарт жолунун 66-чакырымында, Токмок шаарынын тушунда түнкү саат 10 чамасында болгон.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын маалыматына караганда, «Фольксваген» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун ортосундагы тосмого карабай, каршы тилкеге чыгып айдап, «KIA К5» үлгүсүндөгү машине менен кагылышкан.

Натыйжада «Фольксвагендин» айдоочусу жана жанындагы төрт адам окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми KIA машинесинин айдоочусу ооруканага жеткирилип, ушул машинеде бараткан үч жүргүнчү да каза тапты. Мекеменин басма сөз катчысы Тилек Исаев буларды айтты:

«"Фольксваген" үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу 500 метр жерге барып айланып келбей, каршы тилке менен айдаган. Тез эле өтүп кетем деп ойлогон. Бирок ошол кезде өз жолу менен келаткан «KIA» үлгүсүндөгү машине менен сүзүшкөн. Себептери дагы такталып жатат. Бул жол кырсыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Тийиштүү экспертизалар дайындалды».

Бул жол кырсыгынан кийин тартылып, Интернетте тараган видеодон жаракат алгандар менен каза болгондордун сөөктөрүн талкаланып калган машинелерден чыгарып жатканы, арасында балдар бар экени тууралуу сөздөр жазылып калган.

Мындай үрөйдү учурган жол кырсыгы 18-ноябрда да Кант шаарын айланып өткөн жолдо катталган. «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү машине жол чырактан өтүп баратып КамАЗ менен сүзүшкөн. Натыйжада алты адам каза тапкан.

Бул кырсык боюнча тасма да Интернетте тарады. Мында «Honda Stepwgn» жолдун кесилишкен жеринде КамАЗ менен кагышып, андан соң жолду бөлүп турган тосмого урунган.

Тогуз айда 500дөй адам каза болду

2020-жылдын тогуз айында Кыргызстанда 4184 жол кырсыгы катталып, 6271 адам ар кандай жаракат алган, 496 адам каза болгон. Көз жумгандардын 59у балдар. Бул кандуу көрсөткүчтөргө соңку үч айдагы адам өлүмү менен коштолгон жолдогу авариялар кошула элек. Бул кырсыктардын 78% айдоочулардын айынан болгону аныкталган.

Жарандык активист Урмат Казакбаев жол коопсуздугуна жооп берген кызматкерлердин жоопкерчилигине токтолду.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

«Өкмөт жетиштүү иш-аракеттерди көргөн жок. Изилдөө иштерин жүргүзүшү керек эле. Чоң трассалардын кайсы жеринде адам өлүмү коштолгон кырсыктар көп болору аныкталышы керек. Менимче, бул Чүй облусунун аймагында, Бишкек шаарынын чыгыш жана батыш тарабындагы кире бериш жолдо болот. Мына ушул жерлерде көзөмөл камераларын көбөйтүп, жол коопсуздук кызматкерлери тынымсыз байкоого алышы керек. Ошондо биз бир жылда эле 500гө жакын адамдын өмүрүн сактап калмакпыз».

Жол кырсыктарын азайтууну көздөгөн «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабы 2019-жылдын февраль айында башталып, «Вега» компаниясы 35 миллион долларга 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Бирок бул жабдуулар орнотулган аймактагы жол кырсыктары азайганы менен чоң трассаларда тескерисинче авариялар көбөйүп жатат.

Кыргызстандык айдоочулар уюмунун төрагасынын орун басары Дүйшөналы Токтакунов автоунаалардын техникалык абалына кызыкты.

Дүйшөналы Токтакунов.
Дүйшөналы Токтакунов.

«Айдоочулардын жоопкерчилиги болбой жатат. Алар автоунаасынын абалын текшеришпейт. Техникалык кароо деген да жок. Мамлекет да жоопкерчилик албайт. Айдоочу машинени башкарып баратканда чарчап-чарчабаганы да текшерилиши керек эле. Муну ишке ашыруу оңой эле. Стационардык постторду алып салышкан. Мындай кырсыктар көзөмөлдүн аздыгынан эле болуп жатат».

Кыргызстан - киши өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталган мамлекеттердин бири. Расмий эсеп боюнча ушул тапта өлкөдө 1 348 780 автотранспорт каражаты бар.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) сайтындагы маалыматка ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө жол кырсыктарында 1,35 миллион адам каза болот. Жол кырсыктары дегеле жалпы калк арасында өлүмдүн себептеринин арасында 8-орунда, бир жаштан 29 жашка чейинкилер арасында өлүмдүн себептеринин ичинен 1-орунда турат.

XS
SM
MD
LG