Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:34

Кызды майып кылган кырсык же кылмыш


Ооруканада жаткан Нурайым Шайбекова.
Ооруканада жаткан Нурайым Шайбекова.

Аксы районунда бети-башы жанчылып, эки көзү көрбөй калган 35 жаштагы Нурайым Шайбекова эки айдан ашык убакыттан бери ооруканада жатат.

Жакындары Нурайымды айылдаштары токмоктоп, зордуктаганын айтып, тергөө калыс жүрбөй жатканына даттанууда. Бирок бул факты ички иштер органдарында жол кырсыгы катары катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Оор абалда ооруканага жаткырылган Нурайым Шайбекованын ден соолугу калыбына келе баштаганы менен эки көзү көрбөй калды. Азыр аны карыган апасы багып жаткан чагы. Нурайым дарыланып жаткан Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын бет-жаак хирургия бөлүмүнүн башчысы Абдыкадыр Исаев бейтаптын абалы боюнча буларды айтты:

- Бейтап биздин ооруканага Ош шаарынан бир ай мурда которулган. Анын бет сөөктөрү, баш сөөгү сынган. Сол далы (белкүрөк) сөөгү, чыканак мууну да сынган. Көрүү нервинин параличи болуп, эки көзү көрбөй калган. Биз болгон жардамыбызды берип, дары-дармек жагынан камсыз кылдык. Бир жума мурда аларды ооруканадан чыгарганбыз. Бирок барар жери жок болгондуктан дагы эле бейтапканада жатат.

Нурайым Шайбекова - Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну. Айылда 62 жаштагы карыган апасы менен жалгыз турат. Ушул жылы 4-сентябрдын кечинде үйүнөн айылдашы чакырып кетип, кийин аны жакындары Аксы райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн табышкан. Апасы Гүлжан Шайбекова окуя тууралуу буларды айтып берди:

Гүлжан Шайбекова.
Гүлжан Шайбекова.

- Ошол күнү түндө кимдир-бирөөлөр анын телефонуна кайра-кайра телефон чалып жаткан. Кечкисин эки бала машинеге салып кеткен экен. Түндө кызымдын телефон номеринен бирөө чалып, ал ооруканага түшүп калганын айтты. Аксы райондук ооруканасына кызым эс-учун жоготкон, оор абалда түшүптүр. Бизге эмне болгону белгисиз болчу. Орган кызматкерлери жана дарыгерлер да жол кырсыгынан кийин ушундай абалга келгенин билдиришкен. Бир жарым айдан кийин кызым эсине келгенде баарын бизге айтып берди. Ал балдар айылдын сыртына алып барып, оозуна шарап куюп кыйнап, зордукташыптыр. Беттерин бычак менен тилишкен. Окуяны жаап-жашыруу максатында машинени тоголотуп жибериши мүмкүн. Ошондой кырсык болсо эмнеге балдардын бири да жаракат алган эмес? Мага ошол жагы бүдөмүк болуп турат. Карыган кезде мени карайт деген кызымды эми өзүм карап калдым. Жок дегенде көзү көрүп калса деп тилеп отурам.

Өзүнө келе албай оор абалда жаткан Нурайымды алгач Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, андан кийин Ош шаарындагы бейтапканага которушкан. Ал жакта бет-жаагына операция болуп, бир айдан кийин гана эсине келген. Туугандары Нурайым жол кырсыгына кабылбаганын ал эсине келип айтып берген соң гана билишкен. Анын эжеси Гүлайым Шайбекова бул окуя жаап-жашырылып жатат деп эсептейт.

Нурайым Шайбекова кырсыкка чейин.
Нурайым Шайбекова кырсыкка чейин.

- Милиция бул окуяны башында автокырсык катары каттап, жаап коёбуз деген максат болгон, - деди ал. - Эгерде кыз өзүнө келбесе балким ошентип коюшмак. Тергөө да болбой, биз ар кайсы жакка кайрылып, ызы-чуу салгандан кийин гана жандана баштады. Айыпталып жаткандардын орган кызматында иштеген таасирдүү жакындары бул иштин жабылышын каалап жатышат. Жакшынакай кызды майып кылып койгон адамдар жооп бериши керек. Ошол күндөн тартып ооруканадан башыбыз чыкпай жатат. Бир адам келип сурап койгон жок. Өлкөдө мансаптуулар менен акчалууларга мыйзам иштебейби? Биз бул иштин калыс тергелишин камсыз кылып бериш үчүн президентке кайрылабыз. Урматтуу Сооронбай Шарипович, биздин ыйыбызды жана үнүбүздү угуп коюңузчу!

Аксы райондук ички иштер бөлүмү окуяны Жазык кодексинин 297-беренеси («Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу») менен каттап, сотко чейинки өндүрүш ишин ачкан. Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматкери Нурдин Жээнтаев жабырлануучу айткан зордук-зомбулук фактысы азырынча далилдене элек экенин айтты:

- 2019-жылдын 5-сентябрь түнү саат 02:00 чамасында Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну Айтмырзаев Маратбек өзүнүн автоунаасы менен Кош-Дөбө - Кербен жолунда келатып жол кырсыгына кабылган. Натыйжада жүргүнчү болуп келаткан Аксы районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Чие айылынын тургуну Шайбекова Нурайым жол кырсыгынан жаракат алып, Аксы аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Бул окуя боюнча автотехникалык экспертиза дайындалып, 30-сентябрда корутунду чыгып, анда «автоунааны башкарууда жол кырсыгын болтурбай коюуга мүмкүнчүлүгү болгон, жол эрежелерин сактаган эмес» деген таризде жыйынтык чыккан.

Ушул жылдын 15-октябрында окуяга байланыштуу Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын 42 жаштагы тургуну кармакка алынган. Жээнтаев ар тараптуу тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди:

- 14-октябрда Шайбекова Нурайым окуя боюнча сурак кылган учурда «Марат зордуктады» деп билдиргендиктен, бул фактыны аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү күбөлөр сурака алынган. Бирок экспертизанын корутундусу чыга элек. Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде учурда бул толук далилдене элек. Ошого карабастан 15-ноябрда Аксы районунун Кош-Дөбө айылынын тургуну Айтмырзаев Маратбек тергөөгө суракка чакырылып, 98-берененин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жана жаңы ачылган жагдайлар боюнча объективдүү чечим кабыл алуу максатында толук, ар тараптуу тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Айыпталып жаткан Маратбек Айтмырзаевдин агасы Кубатбек Айтмырзаев коюлуп жаткан дооматтардын баарын четке кагууда. Ал кырсык болгон күндөн тартып жабыркаган Нурайымга жардам берип келе жатканын айтат.

- Бул жерде катуу жол кырсыгы болду. Аны көргөндөр жана жардам берген аксакалдар да бар. Бул маселени тынч чечип, моралдык жана материалдык чыгымдарды төлөп берели дедик. Кыздын апасы менен жолугушуп, Оштогу дарылануусун жана операцияларын төлөп бердик. Баш-аягы 100 миң сомдук дары сатып бериптирбиз. Аксакалдарды жиберип, туугандарды ортого салсак да макул болушкан жок. Биз кудайдан корккон, башка пендеге зыяны тийбеген эле адамдарбыз. Бул үй-бүлө биздин айылда туруп, өзүнүн турак жайы жок. Аны да эске алып, кызын майыптыкка чыгарып, жазында жер алып, чакан болсо да там салып берели деген ниетибизди айттык. Бирок маселенин баары сот аркылуу чечилгени турат.

Тергөө ишине ишенбеген Нурайымдын апасы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрүнө кат аркылуу кайрылды. Өзүнүн үйү болбогон үй-бүлө келаткан аптада ооруканадан батирге чыгарыла турган болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG