Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Бишкек-Торугарт жолундагы кырсыктан эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектин сыртындагы айланма жолдо Кемин районуна багыт алган "Тез жардам" унаасы кырсыкка учурап, эки адам каза болду.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык жол көзөмөл башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев маалымдады.

"Кеминди карай бара жаткан "Тез жардам" унаасы түшкү саат 12:15тер чамасында 90-чакырымда "Тойота Эстима" машинеси менен кагылышкан. "Тойота Эстима" унаасы "Хонда Инспайр" машинесин барып сүзүп, анын ичиндеги 37 жаштагы аял жана үч жаштагы кыз бала окуя болгон жерде көз жумушту".

Кырсыктан дагы бир адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилди.

Акыркы бир нече суткада абанын кескин муздашы жана жаан-чачындан улам өлкөнүн негизги жолдорунда кырсыктар көп катталууда.

Кыргызстанда 2020-жылы 6 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болсо, 9 227 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жол кырсыктары айрыкча Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында катталууда.

Статистика боюнча жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 8,1% төмөндөгөн. Бирок каза болгондор азайган эмес. (BCh)

XS
SM
MD
LG