Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Тажикстанда кармалган кыргызстандыктар мекенине кайтарылды


Тажикстанда кармалган жакындарын бошотууну талап кылып келген жарандар. Баткен шаары. 2021-жылдын 22-февралы.
Тажикстанда кармалган жакындарын бошотууну талап кылып келген жарандар. Баткен шаары. 2021-жылдын 22-февралы.

Тажикстанда кармалып турган он эки кыргыз жараны мекенине кайтарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык Тажикстан чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп айыпталып кармалган Баткен облусунун 5, Ош облусунун 2 тургуну 13-14-мартта Кыргызстанга кайтарылды.

26-февралда Бишкек шаарынын 2 тургуну бошотулган. Кармалган жарандарга Тажикстан соту айып пул салып, бошоткон. 23-февралда Баткен жана Согди облусунун жетекчилеринин сүйлөшүүсүнөн кийин Тажикстандын аймагында кармалган Лейлек районунун 3 жашоочусу мекенине кайтарылган. Аларга мамлекеттик чек ара сызыгын бузгандыгы үчүн эскертүү берилген.

Учурда Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз өткөн деген айып менен Тажикстандын 15 жараны Баткенде 2 айга камакка алынган. Алар Кыргызстандын мыйзамы боюнча жоопко тартылат.

Баткен облус бийлиги бардык массалык маалымат каражаттары аркылуу жана айыл аймак башчылары эл менен жолугушуп, чек арадан өтүү эрежелерин түшүндүрүп жатканын билдирди.

16-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода жолугуп, Лейлек районундагы “Кулунду” жана “Кайрагач” көзөмөл өткөрүү бекетин ачууну сүйлөшүшөт. Бул өткөрмө бекеттер пандемиядан улам жабылган.

22-февралда Баткенде облустук акимчиликтин алдына жүздөй киши чогулуп, түрдүү себептер менен Тажикстанда кармалып турган туугандарын бошотуп берүүнү облустук бийликтен талап кылышкан.

Алар жыйырмадан ашуун кыргызстандык жаран "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "аткезчилик менен товар ташыган" деген негизде Тажикстанда кармалып турганын айтып чыгышкан.

Анда облустагы өкмөттүн өкүлү Өмүрбек Суваналиев 16-февралда кармалган кыргызстандыктарды алып келүү боюнча чара көрүп жатканын билдирген. (TSh/JsA)

XS
SM
MD
LG