Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:00

“Беш акын” теледолбоору кайрадан башталат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Эл аралык “ТҮРКСОЙ” уюму, Улуттук жазуучулар союзу жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы биргелешип Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата “Беш акын” теледолбоорун кайрадан эфирге алып чыгат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жазуучулар союзунун басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган долбоордо жазгыч акындар ат салышат. Быйылкы теледолбоордун биринчи баскычында акындар – Кыялбек Урманбетов, Бурулкан Сарыгулова, Жедигер Саалаев, Мая Осмонкулова жана Алтынай Темирова катышат.

Кече Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын концерттик залында 2021-жылдын 15-мартында саат 18:00дө башталат.

“Беш акын” долбоору ТҮРКСОЙдун демилгеси менен 2015-жылы алгачкы ирет уюштурулган. Алгачкы жеңүүчүлөрүнө ТҮРКСОЙдун диплому, Токтогул Сатылганов атындагы төш белги жана 500 АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык берилип, Түркияда өткөн поэзия фестивалына жолдомо алышкан.

Долбоордун муун-муунга карап өткөрүлгөн сынактарында ар бир беш акындын ичинен акындар Анатай Өмүрканов, Карбалас Бакиров, Атантай Акбаров, Зайырбек Ажыматов, Алтынбек Исмаилов, Умар Нусубалиев жана Мелис Маматжанов жеңишке жеткен. Долбоор 2018-жылы Казакстанга өткөрүлүп берилген. (MZh)

XS
SM
MD
LG