Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:20

Үч жылда «Коопсуз шаар» долбоорунан 1 млрд. 575 млн. сом айып пул түштү


«Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.

«Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдан 2021-жылдын март айына чейин 2 миллион 216 миң ирет жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинен ичинен 1 млн. 440 миңдей учур боюнча айып пулдар төлөндү. Башкача айтканда айдоочулардан жалпысынан 1 млрд. 575 млн. сомдон ашык каражат мамлекеттик бюджетке түштү.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгынын (ЖКККББ) Мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова маалымдады.

Коомдук кеңештин жыйынында ЖКККББ 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди. Ага ылайык өткөн жылы Бишкек шаарында 2183 жол кырсыгы катталып, 72 адам каза болуп, 2860ы жабыркаган.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган. Жолго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган. Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды.

Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы жеңүүчү аталган. Экинчи бөлүк жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпысынан 306 аппарат орнотулат. Курулуш-монтаждоо иштери 2020-жылдын августь айында башталган. (TSh)

Дагы караңыз

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG