Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

«Коопсуз шаардын» адашкан айыппулдары


«Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.
«Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.

«Коопсуз шаар» долбооруна байланыштуу алешемдиктердин улам жаңы өңүттөрү ачыкка чыгууда.

Анын ичинде айыппулдар номери окшош башка автоунааларга жөнөтүлгөнү, жазаналар транспорттун мурдагы кожоюндарына жиберилгени жана башка көрүнүштөр бар. Мунун баары жалпы Жол коопсуздугу башкармалыгына сынды күчөтүп жатат.

Жарым миллиондук жазана

Мамлекеттик номери окшош автоунаалардын айыппулдары адашып башка транспортко жөнөтүлгөн жаңы фактыны бул жолу «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жарыялады. Ал аталган ишкерлик чөлкөмгө катталган машине кичи үлгүдө экенине карабай, чоң автоунаага жолдогон кат келгенин тактап, видеосун социалдык түйүнгө койду.

Тайчабаров бул үчүн «Коопсуз шаар» долбоорун жана Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлерин айыптады.

Кудрет Тайчабаров.
Кудрет Тайчабаров.

«Келген айыппулдун эсеп-дүмүрчөгүндө "Toyota Avensis" деп жазылып турат. Мамлекеттик номери 01KG 004 AD деп көргөзүлгөн. Ошол эле эреже бузуу тартылган учурдагы сүрөттөгү машиненин номери да 01KG 004 AD, бирок ал "Lexus" болуп турат. AD номерлүү машинелер бизге катталган, "Toyota Avensis" биздин машине, бирок жол эрежесин "Lexus" бузуп атпайбы. Биринчиден, бул жерде биздин номерди бирөө жасалма кылып "Lexus" машинесине тагып жүрөт. Жасалма номерлерди аныктап, кармоо ошол эле жол тескөөчүлөрдүн жумушу, бирок алар муну начар аткарып жатат. Экинчиден, бул «Коопсуз шаар» долбоорунун аппаратында "Avensis" менен "Lexus" автоунааларынын айырмасын билбеген, сабатсыз адистер отурат дегенди түшүндүрөт».

«Коопсуз шаар» долбоорун иштетип жаткан Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы бул факты боюнча дароо жооп таратып, түшүндүрмө берди. Мекеме номерлер алмашып калган учурлар техникалык себептерден улам катталып каларын маалымдап, бирок соңку жагдайда айыппул оңдолуп, тиешелүү айдоочу жоопко тартылганын билдирди.

Башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү Тилек Исаев мындай деди:

«Бул боюнча беш эреже бузууга байланыштуу токтомдордун үстүнөн өтүнүчүн тапшырышкан. Биздин башкармалыктын кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп, "Lexus" автоунаасын кармашты. Анда өзүнүн эле номери экен, бирок айдоочу номердин акыркы тамгасын атайын жабыштырма каражат (наклейка) менен алмаштырып салганы аныкталды. Машине айып короосуна киргизилген, номерин жаап койгонуна байланыштуу протокол жазылды. Беш категориядагы 10 миң сом айыппул салынды, андан сырткары жол эрежесин бузуу боюнча беш фактынын да айыппулдарын төлөөгө милдеттендирилди. Анын бардыгын төлөмөйүнчө, машине айып аянтчасынан чыгарылбайт. Ал эми "Toyota Avensis" автоунаасына жиберилген айыппулдардын протоколдору жокко чыгарылды».

Деген менен мурдараак да бир катар жарандар ар кайсы автоунаалардын номерин «Carcheck» сервиси аркылуу текшерип, анын үлгүсү башка экенин жана толтура айыппулун төлөнбөй жүргөнүн таап чыгышкан.

Активист Болот Ибрагимов өзү эле ондогон учурларды тапкан, ушул күндөрү да бул сыяктуу фактыларды тынбай ачыкка чыгарып келет.

Мамлекеттик каттоо кызматы киргизген portal.srs.kg сайтындагы «Carcheck» электрондук сервисинде автоунаанын номерин жазуу менен ал тууралуу маалыматтарды тактап алууга болот. Тагыраагы анын камакта же камакта эмес экени, үлгүсү жана айыппулдары көрүнүп турат.

"Коопсуз шаар" долбоорунун камераларынын көрүнүшү.
"Коопсуз шаар" долбоорунун камераларынын көрүнүшү.

Бул арада дагы бир жаран Данияр Абжапаров сегиз жыл мурда сатып жиберген автоунаасына жазылган айыппулдардын ири топтомун алганын айтып чыгып, бүтүн Кыргызстанга дүң болду.

Ал машинени минген киши соңку эки жыл ичинде 230 жолу жол эрежесин бузганын, натыйжада анын колуна жарым миллион сомдук жазана келип түшкөнүн маалымдады.

Данияр Абжапаров.
Данияр Абжапаров.

«Мен "Volkswagen Vento" үлгүсүндөгү автоунаамды 2012-жылы ишеним каттын негизинде, 2900 долларга саткам. 2019-жылы «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштаганда, ушул машине 10 жолу эреже бузду деп мага кат келгенде, ИИМдин жол кайгуул башкармалыгына кайрылгам. Кат жазып коюңуз, ошол толгондо ачып карайбыз дешкенинен арыз да жазып койгом. Кийин жашаган жеримден көчүп кетсем да 70-80дей кат келиптир. Жалпы 230 эреже бузуу боюнча кат алдым. Жалпы суммасы 560 миң сом, ал эми туумдары менен кошкондо андан да көбөйүп жатат. Себеби, бир эле 5500 сомдук айыппул туумдары менен 11 миң сом болуп кеткенин көрдүм. Демек, бардыгынын туумдарын санаганда 1 млн. сомдон ашып кетчүдөй. Мен эми эмне кылышым керек? Кезинде ишеним кат менен сатуу мыйзамдуу болчу, анда «Коопсуз шаар» да иштей элек эле. Ал киргенден кийин мындай алешемдиктери бар экен, минтип жок жерден айыппулга жыгылдым. Мен болгону 10 миң сом маяна алам, төрт балам бар. Мунун баарын төлөөгө таптакыр мүмкүнчүлүгүм жок».

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Тилек Исаев бул жөнүндө да маалымат берип, автоунааны айыппулга батырган айдоочу кармалганын тактады.

Тилек Исаев.
Тилек Исаев.

«Данияр Абжапаров 2020-жылдын 27-июль күнү ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын издөө бөлүмүнө кайрылып, автоунаасын мурда ишеним кагазы менен сатып ийгени жана азыркы учурда «Коопсуз шаар» камераларында жол эрежелерин бузуп, айыптар келип жатканы тууралуу арыз калтырган. 2020-жылдын 4-август күнү Данияр Абдыжапаровдун калтырган дарегине «Volkswagen Vento» автоунаасына багыттама берилгени жана кошумча маалымат бериле тургандыгы тууралуу кабарлама жөнөтүлгөн. Бул багытта Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан көп суммадагы айып пулду төлөбөгөн айдоочу Кант шаарынын тургуну «Volkswagen Vento» үлгүсүндөгү автоунаасын ишеним кагазынын негизинде сатып алган, 1994-жылы туулган С.С аттуу жаран экендиги аныкталып, алып келинди. Тактоо учурунда 1994-жылы туулган С.С аттуу айдоочу автоунааны 2017-жылы башка жарандан сатып алып, өзүнө каттоо максатында видео аркылуу кайрылган жаранды таап, (автоунаанын мыйзамдуу катталган ээсин) автоунааны өзүнө өткөрүп алууга аракет кылганын түшүндүрдү. Бүгүнкү күндө кармалган айдоочу бардык жасаган бузууларын мойнуна алды. Ошол эле учурда милициянын кайгуул кызматы тарабынан эки тарапты жолуктуруп, сүйлөшүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Кармалган айдоочу автоунааны жакын арада эле сатып жибергендиктен, автоунааны убактылуу токтотуучу айып короого киргизүүгө мүмкүнчүлүк болбоду», - деди ал.

Ошентсе да соңку маселенин чечилиши бүдөмүк бойдон калууда. Транспорттун мурдагы ээси Данияр Абжапаров жаңы кожоюнду сотко берип, ошол жол аркылуу өндүрүп алышы керек. Абжапаров муну 230 факт боюнча арыз жазуу үчүн ал соттун канцеляриясына 50 миң сомдой акча төлөөгө туура келерин белгилеп, кайрадан чыгымга учурай турганын айтууда. Ал ушунча убарагерчиликтен кийин, эреже бузган кишиден айыппул өндүрүлөрүнөн да күмөн санайт.

Автоунаасын сатып жиберген жарандар ири суммада айыппулдарды алышкан фактылар буга чейин да катталган.

«Коопсуз шаар» жана Кайгуул кызматынын реформасы

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тарта жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган. Жолго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунааларды каттаган видео байкоо камералары орнотулган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды.

Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компаниясы жеңүүчү аталган. Экинчи бөлүк жети облусту, эки ири шаарды, 15 кичи шаарды жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпысынан 306 аппарат орнотулат. Мунун курулуш-монтаждоо иштери быйыл августта башталды.

Бирок «Коопсуз шаар» долбоору жалпы старт алгандан бери сын-пикирлер токтобой келет. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков долбоор жол кырсыктарын азайтпаганын белгилеп, аны коррупциянын очогу деп атады.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Мен «Коопсуз шаар» долбоорун «Жоопсуз шаар» долбоору деп атайм. Анткени бул өзүн актаган жок. Актады, жол кырсыктарын азайтты деп айтпай эле койгула. Былтыркы жылдын тогуз айында жол кырсыктары 12% көбөйгөн, кырсыкта өлгөндөрдүн саны 9%, жарадар болгондор 14% көбөйгөн эле. Быйыл андан да көбөйүп атпайбы. Былтыр тогуз айда 429 адам өлсө, быйыл тогуз айда 496 адам каза болуп отурат. Ошондуктан мен муну жетинчи кабаттагы жемкорлор катышкан коммерциялык долбоор деп айтам. Мунун баасы да асман чапчыган, азыр да акчаны кырып атат. Мунун максаты өкмөттүкү эмес, чөнтөктүкү. Жол кырсыктары көбөйгөнүн, каза болгондор арбыганын жокко чыгара албайсыңар. Бул долбоор жыргатып ишке ашкан жок, коррупциялык максаты гана ишке ашты. Компания эки жылда 5 млн. доллар салып, 20 млн. доллар чыгарып кетти. Карапайым элдин эсебинен, жонунан кайыш тилип чыгарып кетип жатышат. Силер ошого жол бердиңер. Мен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын жана Финансы полициясын «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчисин да, экинчисин да толук текшерүүгө алууга чакырып кетем».

Арийне, «Коопсуз шаар» долбоору менен чогуу Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын реформасы да ишке ашышы керек болчу. Анын ичинде Милициянын кайгуул кызматынын түзүлүшү да ушул изги тилектин бир канаты.

Октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда бийлик алмашып, ал бул тармакка да таасирин тийгизгени талаш жаратты. Тагыраагы Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн сынак өткөрүүчү комиссиясынын курамы толугу менен алмашып, жаңыланды.

Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда коюлган бул комиссиясынын төрагасы Тамерлан Ибраимов жана анын мүчөлөрү толугу менен иштен кетти. Жаңы төрага болуп ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев келди. Мурдагы комиссия Бишкек шаарынын Кайгуул кызматынын кызматкерлерин кабыл алса, жаңы комиссия Ош шаарынын кайгуулчуларын тандап алат.

Айрымдар комиссиянын жетекчилигинин жана курамынын толук алмашылышынын артында да күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып жатышат.

«Жарандык биримдик» коомдук уюмунун өкүлү Урмат Казакбаев бул тууралуу төмөнкүдөй оюн ортого салды.

Урмат Казакбаев.
Урмат Казакбаев.

«Биринчиден, Патрулдук милициянын түзүлүшү мурдагы «МАИ» кызматынын кызматкерлери үчүн киреше жагынан, коррупция жактан чоң жоготуу болду. Мурдагы бийликтин тушунда көз карандысыз комиссия түзүлүп, ушул Бишкектин кайгуул кызматына тандоо салыштырмалуу таза өттү эле. Анын курамында көз карандысыз жарандык коомдун өкүлдөрү да бар эле. Муну биз Бишкектеги Патрулдук милициянын курамында таза кызматкерлер тандалып алынганынан улам көрүп жатабыз. Бийлик алмашкандан кийин, ИИМдеги кызыкдар адамдар ушундай өзгөрүүлөрдү жасап, комиссиянын курамын толугу менен алмаштырып жиберишти. Жалаң өздөрүнө лоялдуу кишилерди коюп алышты. Ошол эле ИИМдин Коомдук кеңешинин мүчөлөрү бар экен, алар түзүлгөндөн бери ИИМди сындаганын көргөн эмеспиз. Булар азыр Ошто Патрулдук милициянын кызматкерлерин каалагандай кылып тандап, каалаган кишисин киргизип жатышат. Алардын сапатын жакшы же жаман деп айтуу мүмкүн эмес. Балким бул комиссия деле милициянын ишин жакшыртууга аракет кылар, бирок күмөн ойлор аябай көп. Мурдагы эле «маичилер» кайрадан келип, мурдагы эле «алтын таякчаларын» алып чыгып алып, коррупция кайрадан гүлдөп кетет деген коркунуч бар».

«Коопсуз шаар» долбоору иштеп баштаган күндөн бери 2 миллиондон ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Мунун ичинен 1 млн. 268 миңдей (61,3%) учур боюнча айыппулдар төлөндү. Натыйжада айдоочулардан жалпы 1 млрд. 363 млн. сомдой каражат мамлекеттик бюджетке түштү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG