Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Машине күрөөдө же камакта экенин эми сайттан билсе болот


Автоунаа базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Автоунаа базары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда автомашина тууралуу толук маалымат камтылган электрондук кызмат иштей баштады. Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, электрондук кызматтар порталында «Carcheck» деген жаңы кызмат ачылды.

«Carcheck» аркылуу автоунаа күрөөдө же камакта эмеспи, жол эрежеси бузулганы үчүн төлөнбөгөн айыппулдар жокпу, буга чейинки ээлери ким болчу, техникалык мүнөздөмөлөрү кандай деген сыяктуу суроолорго жооп алса болот. Бул үчүн www.portal.srs.kg сайтындагы «Транспорт» деген бөлүмгө кириш керек. Маалымат алуу бекер.

«Айрыкча бул кызмат машине сатууну же сатып алууну пландап жаткандарга чоң жардам болот» дейт Мамкаттоо кызматы.

1-октябрдан тарта пилоттук негизде ачылган кызмат 2020-жылдын 1-апрелине чейин иштейт.

Долбоор «Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясынын негизинде ишке ашырылууда.

Расмий маалымат боюнча, соңку беш жылда Бишкекте катталган автоунаанын саны 240 миңден 420 миңге жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG