Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Бишкек мэринин уулу 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен 7 жылга кесилди


Автокырсык боюнча айыпталган Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Өмүркулов 7 жылга кесилип, бирок 2 жылдык сыноо мөөнөтү менен шарттуу эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Маалыматка ылайык, Азамат Өмүркулов эки жыл көзөмөл алдында болот. Эгер эки жылдын ичинде эч кандай мыйзамды бузбаса, жаза токтотулат. Мыйзам бузуп алса, 7 жыл эркинен ажыраткан чечим күчүнө кирет.

Былтыр август айында Ысык-Көл - Бишкек жолунда унаа кырсыгынан үч адам каза таап, ага Азамат Өмүркулов күнөөлүү экени тергөөдө аныкталган. 24-ноябрда Токмок шаардык соту айыпталуучуга жабыркагандардын доосу жоктугун негиз кылып ишти токтоткон болчу. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткандыктан Бишкек мэри мындан көп өтпөй атайын билдирүү жасап, уулунун ишин кайра кароону талап кылган. Натыйжада соттук иш кайра жанданган. (KKs)

XS
SM
MD
LG