Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2021 жума, Бишкек убактысы 17:25

Сокулукта өгөй кызын зордуктоого шек саналган жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт

Сокулук районунда 35 жаштагы жаран 14 жаштагы өгөй кызын зордуктоого шек саналып милициянын убактылуу тергөө жайына кармалды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нургүл Нусупова маалымдады.

Ага ылайык, 15-майда 40 жаштагы аял 2012-жылдан бери чогуу жашаган 35 жаштагы түгөйүнө каршы арыз менен кайрылган. Анда биринчи никесинен 2006-жылы төрөлгөн өспүрүм кызын зордуктаганын билдирген.

Окуяга байланыштуу сотко чейинки териштирүү башталды. Соттук медициналык экспертиза дайындалып, бл факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 106- беренеси (16 жашка чыга элек өспүрүмгө карата жыныстык катнаш түзүүгө аракет кылуу) менен катталды.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы жашы жете элек балдарга карата жалпысынан 1101 кылмыш иши катталган жана анын 150дөйү жыныстык мүнөздө болгон.

Жашы жете электерге жыныстык зомбулук кылган деген шек менен 57 жаран кармалган. Алардын канчасы сот жоопкерчилигине тартылганы тууралуу так маалымат жок. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG