Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:02

Чек ара: топографиялык жумушчу топтор Дүйшөмбүдө жолугушту


Чек арадагы айылдардын бири.
Чек арадагы айылдардын бири.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, жолугушуу 13-майдан 17-майга чейин Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өттү.

Жыйынтыгында бүгүн, 17-майда тийиштүү Протоколго кол коюлду. Протоколдун мазмуну тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымат бере элек, бирок жолугушуу "жемиштүү" өткөнүн жазды.
Кезектеги сүйлөшүүлөр эми Кыргызстандын аймагында өтөрү пландалууда.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды.

Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган. (BCh)

XS
SM
MD
LG