Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:19

Чек ара: кулагынан майып болгон беш жашар кызга күбөлүк берилди


Күбөлүк тапшыруу учуру.
Күбөлүк тапшыруу учуру.

Мамлекеттик каттоо кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырында ок атышуулардан кулагынын угуусу начарлап кеткен Лейлек районунун Интернациональ айылынын беш жаштагы тургуну Айжаз Мурзаевага туулгандыгы тууралуу күбөлүк тапшырды.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

29-апрелде Айжаз көчөдө ойноп жүргөн жеринен атышуу башталып, ата-энеси менен кошо Сүлүктүгө качкан. Үй-бүлөөнүн тек-жайы тууралуу документтери коогада өрттөнүп кеткен.

Айжаз апасы Жаңыл Мурзаева менен Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда дарыланып жатат. Атышуу маалында катуу корккондуктан угуу жөндөмүнөн жарым-жартылай ажыраган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланган. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG