Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

АКШнын Екатеринбургдагы башкы консулу Орусиядан чыгып кетет


Орусия. АКШнын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу.
Орусия. АКШнын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу.

Башкы консул Эми Сторроунун Орусиядан чыгып кете турганы боюнча кабар дипломатиялык миссиянын "Фейсбуктагы" баракчасына чыкты.

Буга чейин америкалык дипломаттар үчүн визалык чектөөлөргө байланыштуу аталган консулдук виза берүүнү жана АКШнын жарандарына кызмат көрсөтүүнү токтоткон.

Дипломат Эми Сторроу АКШнын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугун 2019-жылдан бери жетектейт.

АКШ менен Орусия 2016-жылдан бери дипломатиялык миссиясынын санын кыскартуу талабын улам күчөтүп келди. 2017-жылдан бери Орусиянын жарандарына виза берүү кескин кыскарган.

АКШ менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чыр-чатактарга чейин виза Санкт-Петербург, Екатеринбург, Владивосток шаарларында берилип келсе, андан кийин Москвада гана берилип калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG