Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

ЮНИСЕФтин жетекчиси жакыр өлкөлөргө вакцинадан бөлүшүүнү өтүндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

ЮНИСЕФтин жетекчиси Генриетта Фор «Чоң жетиге» кирген өлкөлөргө жана Европа Биримдигине кайрылып, коронавируска каршы вакциналарды алмашуу боюнча COVAX схемасынын алкагында дүйнөнүн бир катар жакыр жана аялуу катмары үстөмдүк кылган өлкөлөргө көбүрөөк вакцина берүүнү суранды.

Ал “вакцинага абдан муктаж болуп турган өлкөлөргө анын ашык дозасынан бөлүшүп, кайрымдуулук жасоо зарыл чара” деп билдирди.

Генриетта Фор “Чоң жетинин” жана Евробиримдиктин өлкөлөрү алдыдагы үч айлык запасынын 20% бөлгөндө дагы ашык турган 153 млн. доза вакцинаны кембагал өлкөлөргө жардамга жибере ала турганын билдирди. Ал мындай чаралар аталган өкмөттөрдүн өз калкын эмдөө чараларына каршы келбестигин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG