Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Орусия: ата-энесиз калган кыргызстандык балдар мекенине келди


Балдар үйүндөгү наристе.
Балдар үйүндөгү наристе.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бүгүн, 17-майда Орусиянын борбору Москва шаарынан ата-энесиз калган эки жашка чейинки беш баланы Бишкекке алып келди.

Балдарды кайтаруу иши Орусиядагы Кыргызстандын атайын жана толук ыйгарымдуу элчилигинин көмөгү менен уюштурулду.

Мекенине кайткан наристелер Бишкектеги балдар үйүнө убактылуу жайгаштырылды. Аталган министрлик эми аларды үй-бүлөөсүнө кайтаруу максатында жакын туугандарын издеп баштайт.

Ушул жылдын башынан бери Орусиядан Кыргызстанга ата-энеси таштап кеткен жалпы 11 бала кайтарылды.

Жылына бир нече баланы кайтаруу ишке ашып келет. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам кыргызстандык ымыркайларды алып келүү иши кечеңдеген эле. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG