Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Израил жоочулардын кол башчысы жок кылынганын билдирди


Израил-Палестина. Газа тилкелериндеги аба соккуларынан кыйраган үйлөр.
Израил-Палестина. Газа тилкелериндеги аба соккуларынан кыйраган үйлөр.

Аба соккуларынын жыйынтыгында Газада ХАМАС пайдаланган туннель кыйратылып, палестин согушкерлеринин бир башчысы өлгөнү кабарланды. Буга карата Палестина израил шаарларын ракеталык аткылоону күчөтүп, АКШ кырдаалдын кескин курчушуна тынчсыздануусун билдирди.

Израилдин аскер күчтөрү 17-майдын таңында аскер учактары Газа тилкесине бир нече аба соккуларын уруп, анын натыйжасында узундугу 15 чакырым турган туннелди талкалап, ХАМАСтын тогуз кол башчысы турган үйлөр кыйраганы белгиленди.

Аба соккуларынын биринде Газа секторунун түндүгүндөгү “Ислам жихады” жоочулар тобунун кол башчысы Хасем Абу Харбид жок кылынганы кабарланды. Харбиддин өлтүрүлүшү ХАМАСтын согушкерлерин катуу чараларга баруусун шарттап, аткылоо күчөгөн.

Газа шаарындагы үч кабаттуу үй катуу жабыркап, Израилдин авиациясы шаарга бараткан жолдо кеминде 3 палестиналык жок кылынды.

Израил 17-майда операциянын жүрүшүндө жалпысынан 35 бута жок кылынганын билдирди.

Газада каза болгондордун саны кырдаал курчугандан бери жалпысынан эки жүздөн ашканы белгиленди.

Ал эми согушкерлер Израилдин шаарларын көздөй бир түндө 60 ракета атканы, андан мурдагы күндөрү 200гө чукул аткылоо болгону кабарланды.

Израилдин бийлиги 10 адам каза тапканын жана алардын арасында 5 жашар бала жана бир аскер бар экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG