Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:03

Бөрүбаев: Дүйшөмбүдө Лейлек менен чектешкен аймактарды сүйлөштүк


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация.
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кол коюлган протоколдо Лейлек району чектешкен аймактарды тактоо камтылганын “Азаттыкка” маалымдады.

“Чек араны тактоо жөнүндө сүйлөшүү негизинен Лейлек району боюнча болду. Кийинки жолугушуу биз тарапта болот. Азыр топографиялык жумушчу топтор жолугуп, чек араны тактап жатабыз”.

Жолугушуу 13-майдан 17-майга чейин Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө өткөн. Жыйынтыгында протоколго кол коюлганы айтылып, бирок мазмуну тууралуу маалымат берилген эмес.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 136 жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG