Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

АКШнын мамкатчысы Түндүк Европа сапарын баштады


Блинкен жана Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен. Копенгаген, 17-май 2021-жыл.
Блинкен жана Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен. Копенгаген, 17-май 2021-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Түндүк Европа өлкөлөрүнө сапардын алкагында жекшембиде Копенгагенге барды. Америкалык башкы дипломат Рейкьявикте жана Гренландияда да болуп, 19-20-май күндөрү Арктика кеңешинин жыйынына катышмакчы. Бул тууралуу Мамлекеттик департамент билдирди.

Жыйында Блинкен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Эки башкы дипломаттын президент Жо Байден кызматка кирешкенден берки алгачкы кездешүүсүндө тараптардын орток кызыкчылыгына кирген маселелердин үстүнөн иштөө ыктымалдыгы талкууланат деп күтүлүүдө.

Жолугушуу Орусиянын Украинага карата саясаты, АКШдагы шайлоого кийлигишкени, орусиялык хакерлер ишке ашырган деген киберчабуулдардан улам Вашингтон менен Москванын мамилелери чыңалып турган маалга туш келүүдө. Мамдептин расмий өкүлү кездешүүдө ушул маселелер козголушу мүмкүн экенин айтты.

Даниядагы сүйлөшүүлөрдө климаттагы озгөрүүлөр, трансатлантикалык байланыштар сөз болот. Мамдеп белгилегендей, Блинкен АКШнын жашыл технологияны, Арктикадагы айлана-чөйрөнү коргоону жактаганына басым жасамакчы.

XS
SM
MD
LG