Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

"Левада": Москвада «Бирдиктүү Орусиянын» рейтинги 15% түштү


 "Бирдиктүү Орусия" саясий партиясынын тарапташтары, Екатеринбург, 2014-жыл.
"Бирдиктүү Орусия" саясий партиясынын тарапташтары, Екатеринбург, 2014-жыл.

Эгерде Мамлекеттик Думага жакынкы жекшембиде шайлоо болсо «Бирдиктүү Орусия» партиясына добуш берчү москвалыктардын үлүшү 15% түзөрү «Левада" борборунун апрелде жүргүзгөн социологиялык сурамжылоосунун жыйынтыгында белгилүү болду.

Москвада бийликтин партиясы үчүн добуш берүүнү каалагандардын катышы быйыл февраль айында эле 27% болчу.

"Левада" борбору шайлоого чейин тандоосун аныктаган аң-сезимдүү электораттын алдыдагы күчүн эсепке алуу менен сурамжылоонун жыйынтыгы чыгарылганын белгилеп, анда «Бирдиктүү Орусия» Москвада партиялык тизме менен шайлоодо 28% алмак деген божомол айтылган.

Ошол эле кезде сурамжылоого катышкандардын жарынан көбү Мамлекеттик Думага шайлоо качан болорун билишпей турганын айтышса, электораттын 25% эч кайсы партияга добушун ыраа көрбөсүн, респонденттердин 17% башка, ар кайсы партияны тандарын көрсөткөн.

«Левада" борборунун сурамжылоосу көргөзгөндөй, 24% москвалыктар оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоп, ошол эле кезде анын ишмердигин жактырбагандардын көрсөткүчү дагы жогору экени аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG