Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:39

Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык карады


Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңеш. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын парламенти 17-майдагы кезексиз жыйында чек ара маселесин жабык карады.

Министрлер кабинети өлкөнүн чек арасындагы абал боюнча маалымат берди. Жыйын бир нече саатка созулуп, кечки саат 22:00гө чейин уланды. Депутат Дастан Бекешев “Азаттык” радиосуна кыргыз бийлигинин чек ара маселелерин чечүү жөнүндө пландары айтылганын кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылынын тургундары 17-майда эртең менен бул айылдан үч тажик жаранын кармашкан. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алган. Баткен жана Согд облустарынын жетекчилеринин сүйлөшүүлөрүнөн кийин кармалган эки өлкөнүн жарандары алмаштырылган. Тажикстан тарап кармаган Ак-Сай айылынын үч тургуну ар түрдүү жараат менен Баткендеги аймактык ооруканага жеткирилген.

28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жараат алды.

Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды. (TSh)

XS
SM
MD
LG