Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:10

Садыр Жапаров менен Никол Пашинян кыргыз-армян алакасын талкуулады


Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жапаров жана Пашинян Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) менен Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында эки мамлекеттин ортосундагы маселелерди талкуулашты.

Кыргызстан жана Армения ЖККУ менен ЕАЭБге мүчө өлкөлөр.

Армениянын өкмөтү 14-майда Азербайжан менен чек арадагы кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) расмий түрдө кайрылган. Никол Пашинян ЖККУнун келишиминин 2-беренесине таянып, уюмга мүчө өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келген учурда тезинен консультацияларды башташы керек экенин айткан. Аталган аскердик уюмга Армениядан сырткары Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Беларус мүчө. Ал эми Азербайжан ЖККУга кирбейт. (TSh)

XS
SM
MD
LG