Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Токтогулда 9,7 миллиард куб метр суу топтолду


Кыргызстандагы "Токтогул" ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. (Фото архивден)
Кыргызстандагы "Токтогул" ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. (Фото архивден)

17-майга карата Токтогул суу сактагычында 9,7 миллиард куб метр суу бар. Быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (2020-жылы -12,1 млрд.) 2,4 миллиард куб метр суу аз топтолду.

2021-жылы апрель айында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 8,5 миллиард куб метрге чейин түшүп кеткен.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги электрди пайдалануу азыркыдай шартта улана берсе, келерки жылдары суу 5-6 млрд. куб метрге чейин азаярын маалымдаган. Мындан улам Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстандан электр энергиясын 11-марттан баштап товар алмашуу ыкмасында ала баштаган. Кыргыз өкмөтү электр энергиясын кошуналардын эсебинен колдонуп, «Токтогул» ГЭСине суу толтурмакчы.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Энергетиктер суу 6 миллиард куб метрге чейин азайса ГЭС авариялык абалга кабыларын эскертип келишет. "Токтогул" ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG