Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:25

Баткенде аткезчиликке каршы ыкчам топтор түзүлдү


Баткендеги аткезчиликке каршы түзүлгөн мобилдик топ жана жергиликтүү бийликтин жетекчилери.

Баткенде аткезчиликке каршы ыкчам топтор түзүлүп, аймактарга жөнөтүлдү. Бул тууралуу 21-майда өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, күч түзүмдөрүнүн, бажы, салык кызматкерлеринен куралган төрт мындай топ Лейлек районунун Кулунду, Арка, Баткен районунун Самаркандек, Кара-Бак өңдүү аткезчилик тобокелчилиги жогору аймактарга жөнөп кеткен.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү талабы көбөйдү. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG