Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:22

"Кырк уруу, жети дубан ынтымагынын" үч мүчөсү камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кырк уруу, жети дубан ынтымагы" коомдук кыймылынын лидери жана мүчөлөрү, жалпысынан 11 адам кармалып, алардын үчөө Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу 21-майда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, калган сегизи тергөөгө келип туруу милдеттенмеси менен бошотулду.

Кыймылдын мүчөлөрү Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүндөгү Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында 19-майда кармалганы маалым болду.

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршееванын айтымында, кыймылдын лидеринен 2,5 грамм, короону тинтүү учурунда 400 граммдан ашуун марихуана табылды:

“Тинтүүнүн жүрүшүндө жайкы ашканадан бөтөлкөдөн тамеки тартуу үчүн үйдө жасалган шайман, кара куурай кендир жытына ээ болгон өсүмдүк табылган. Андан сырткары мончонун кийинүү бөлмөсүндө кара куурай жытына ээ баштык табылган. Эксперттик-криминалисттик борбордун корутундусуна ылайык, табылган зат таза салмагы 427 грамм марихуана деп аныкталды. Кармалган жарандардын биринен табылган зат таза салмагы 3 грамм 625 миллиграммды түзгөн марихуана экени белгилүү болду”.

"Кырк уруу, жети дубан ынтымагынын" өкүлдөрү бул окуяны куугунтук катары баалап жатышат. Кыймылдын мүчөсү Кадырбек Үсөнбаев “Азаттыкка” билдиргендей, 15-майда Байтик айылында элдик жыйын өтүп, азыркы бийликти сындаган сөздөр айтылган:

"Булар ошол эски тема менен эле баңгизатты шылтоо кылып камаганга аракет болуп жатат. Улам баш көтөргөн адамдарды, лидерлерди камап, аларды унчуктурбаганга аракет кылып жатышат”.

Кылмышка шектүүлөр Новопавловка айылында кармалган. Милиция кармоо учурунда шектүү 11 адамдын 10у баңгизатка мас абалда болгонун айтууда.

Коомдук кыймылдын өкүлдөрү буга чейин 2017, 2020-жылдары да ушундай эле айып менен кармалып, кийин кое берилгени кабарланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG