Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Израил менен ХАМАС ок атууну токтотууну сүйлөштү


Израилдин аба соккусу Газа тилкесиндеги имараттарды талкалады. 18-май, 2021-жыл.
Израилдин аба соккусу Газа тилкесиндеги имараттарды талкалады. 18-май, 2021-жыл.

Египеттин ортомучулугу менен түзүлгөн макулдашууга ылайык Израил жана Газа тилкесинде ок атышуу токтойт. Мындай келишим эки ортодогу атышууга он бир күн болгондо жетишилди.

Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден бул макулдашууну кубаттарын айтып, андан мурда АКШ, Египет, Палестин администрациясы жана башка Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттер ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр жүргөнүн кошумчалады. Байден ошондой эле бул макулдашуунун ишке ашуусунда чечүүчү роль ойногон Египетти белгилей кетти. ХАМАСтын жетекчилеринин бири алар жеңишке жеткенин жар салды.

"Бул жеңиштин эйфориясы",-деген Халил аль-Хайя израил аба соккуларынан талкаланган үйлөрдү калыбына келтирип берүүнү убада кылды.

Куралдуу кагылыш 10-майда башталган. Буга жөөттөр да, мусулмандар да ыйык деп эсептелген жайдагы жаңжал түрткү болгон. Газанын медиктери билдиргендей, Израилдин соккуларынан жалпы 232 адам набыт кетти, алардын арасында балдар жана аялдар көп.

Палестин анклавындагы жоочулар Израилди көздөй миңдеген ракета учурушту. Көбүн Израилдин коргонуу системасы абадан жок кылды. Бийликтин маалыматына караганда 12 израилдик курман болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG