Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Израил Газанын бир нече районун бомбалады


Вашингтондун жана БУУнун зомбулукту токтотуу тууралуу чакырыгына карабай, 17-май күнү эртең менен шаарга абадан ондогон сокку урулду.

Маалымат каражаттары Израилдин коргоо күчтөрүнө шилтеме берип, “ЦАХАЛдын учактары Газадагы террорчулардын очокторуна кыйраткыч соккулар урулганы” тууралуу кыскача гана билдирүү таратты.

Аба соккулары Газа тилкесиндеги электр жарыгын өчүрүп, жүздөгөн имараттарды кыйроого алып келди. Эки жумадан бери уланып жаткан кагылышууда Тель-Авивдин айтымында, израилдик күчтөр тарабынан Газадагы токсондон ашуун бута жок кылынган.

Аба соккуларынын биринде 42 палестиналык, анын ичинде кеминде 8 бала жана эки дарыгер каза болгон.

Газада бомбалоодон каза тапкан палестиналыктардын саны 197ге жетти.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху телекайрылуусунда азыркы операция “канча керек болсо, ошончого созуларын” билдирди.

Анын алдында Израиль артиллериясы Газаны көзөмөлдөгөн ХАМАС согушкер тобунун жогорку жетекчилигине жана кол башчыларына каршы бир нече сокку урган.

АКШнын президенти Жо Байден анын администрациясы тынчтыкка жетишүү үчүн көп тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди:

“Менин администрациям мындан ары да палестиналыктарды, израилдиктерди жана чөлкөмдөгү башка өнөктөштөрдү тынчтыкты орнотууга жетишүү иштерине тартууну көздөйт”, – деди Байден.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Катардын, Мисирдин жана Сауд Арабиясынын тышкы иштер министрлери менен Газа тилкесиндеги зомбулукту токтотуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

XS
SM
MD
LG