Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Мелис Аспеков №1 тергөө абагына эки айга камалды


Мелис Аспеков. Биринчи май райондук соту
Мелис Аспеков. Биринчи май райондук соту

Бишкектеги Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду 20-июлга чейин №1 тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарды.

Ал буга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагында отурган.

Атайын кызмат 14-майда Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгоп, тергөөчү №1 тергөө абагына которуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал 2016-жылы бир жарандан батир алып, акчасын бербей койгон.

Мелис Аспековду сот залынан алып чыгып баратканда ага козголгон экинчи кылмыш ишин жасалма иш деп, №1 тергөө абагына которулушун коркутуу деп атады.

"№1 тергөө абагына алып кетип жатат. Билесиңер да Садыр Жапаровго ал жактан кол салуу болгон. Мага дагы кол салуу болушу мүмкүн. Мени №1 тергөө абагына которууга эч негиз жок болчу. Коркутуш үчүн алып кетип жатат. Жалган эле бир ишти токуп ошол жакка которууда. Беш жыл мурун ал батирдин ээси каякта эле?

Активист азыркы президент Садыр Жапаров президенттикке талапкер катары шайлоого катышып жатканда анын штабында Чүй боюнча координатору экенин айткан. Жапаров бул маалыматты жокко чыгарган.

Аспеков 14-майда “Фейсбуктагы” баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо компаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган. Президенттик бул маалыматты чындыкка туура келбейт деп төгүндөгөн.

Ички иштер министрлиги бул билдирүүнү иликтеп-тергей баштаган.

Мелис Аспековду 8-январда атайын кызмат кармаган. 10-январда Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал дагы бир активист Улан Жураев экөө "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынышкан. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG