Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Нарын: "йакын инкарчы” диний ишениминен баш тартты


Кыргызстанда буга чейин "Йакын инкар" агымынын мүчөлөрү кармалган учурлар болгон.
Кыргызстанда буга чейин "Йакын инкар" агымынын мүчөлөрү кармалган учурлар болгон.

Нарын облусунда Кыргызстандын аймагында тыюу салынган “Йакын инкар” диний агымынын бир мүчөсү диний ишениминен баш тартты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал жаран мындай кадамга түшүндүрүү иштеринин негизинде өз эрки менен барганын билдирди.

Мекеме бул жаран буга чейин аталган агымга башка адамдарды үндөп, азгырып жүргөнүн белгиледи.

УКМК Кочкор районунда диний экстремисттик-террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, алдын алуу иштерин жүргүзгөн.

“Йакын инкар” диний агымы - "Таблиги жамаат" уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деп эсептешет. Бул диний агым Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Буга чейин бул топко мүчө болгондор балдарынын мектепке барышына, алардын телевизор көрүшүнө тыюу салган окуялар катталган.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG