Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:00

“Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам үчүн кол топтоо улантыла баштады


Давыдов мөңгүсү.
Давыдов мөңгүсү.

Кыргызстанда “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору үчүн кол топтоо кайра улантыла баштады. Бул тууралуу 21-майда “Азаттык” радиосуна долбоорду иштеп чыккан жумуш тобунун мүчөсү, эколог Калия Молдогазиева билдирди:

“Азыр бизде суу жөнүндө мыйзам, суу боюнча кодекс бар. Бирок ошого карабастан бузулбадыбы Кумтөрдө мыйзамдар иштебей. Мыйзам чыгарып алсак мөңгүлөр коргоого алынат эле”.

Молдогазиеванын айтымында, кол топтоо электрондук ыкма менен жүргүзүлүүдө. Азыркыга карата миңге жакын кол чогулду.

Мыйзам чыгаруу боюнча элдик демилге жөнүндөгү мыйзамга ылайык, кеминде 10 миң кол топтолушу керек.

Жогорку Кеңеш “Мөңгүлөр жөнүндө” мыйзамды 2013-жылы кабыл алган. Ага ылайык, мөңгүлүү бийик тоолордо тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чек коюлмак. Депутаттар бул мыйзам Кумтөр алтын кениндеги катачылыктарды эске алуу менен кабыл алынганын билдиришкен. Бирок ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзам ишке кирсе бюджеттин киреше бөлүгүн кыскартууга негиз болорун айтып ага кол коюудан баш тарткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG