Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Израил менен Палестинада миңдеген адам жеңишти майрамдап жатат


Ок атышуунун токтотулушун майрамдап көчөгө чыккан палестиндиктер. 21-май, 2021-жыл.
Ок атышуунун токтотулушун майрамдап көчөгө чыккан палестиндиктер. 21-май, 2021-жыл.

11 күнгө созулган Израил менен ХАМАС согушкерлеринин ок атышууну токтотушуна байланыштуу миңдеген палестиндиктер көчөгө жеңишти майрамдоо үчүн чыгышты. Алар Палестинанын жана ХАМАС тобунун желектерин көтөрүп, таттуу таратып, асманга фейерверктерди аттырышты.

Израил дагы ХАМАСка олуттуу сокку урганын билдиргени менен өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху "согушту эрте токтотуп койгону үчүн" оңчулдардын сынына кабылды.

Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден бул макулдашууну кубаттады.

Куралдуу кагылыш 10-майда башталган. Буга жөөттөр да, мусулмандар да ыйык деп эсептелген жайдагы жаңжал түрткү болгон. Газанын медиктери билдиргендей, Израилдин соккуларынан жалпы 232 адам набыт кетти, алардын арасында балдар жана аялдар көп.

Палестин анклавындагы жоочулар Израилди көздөй миңдеген ракета учурушту. Көбүн Израилдин коргонуу системасы абадан жок кылды. Бийликтин маалыматына караганда 12 израилдик курман болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG