Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Аутизмге каршы борбордо сабалган бала боюнча милицияга арыз даярдалууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте аутизм болгон балдарга жардам берүүчү реабилитациялык борбордо сабалган алты жаштагы бала боюнча милицияга арыз даярдалууда. Бул тууралуу 21-майда “Азаттык” радиосуна адвокат Рустам Абдурауфов билдирди.

Жактоочунун айтымында, арыз Биринчи Май райондук милициясына "жаш баланын бир нече жолу сабалышы" деген негиз менен берилет, окуя өзү соңку 10 күн аралыгында болгон.

Апасы алгачкы күндөрү жакшы жылыш болгонун, бирок кийин баласынын денесинен көгала тактар байкалгандыктан жетекчиликке кайрылганын айтып берген.

Адвокат Абдурауфовдун билдиришинче, бул окуядан кийин баланын абалы начарлаганы байкалууда:

“Бала ансыз деле ооруп жатат. Эми ал аз сүйлөп, түнт болуп калды. Мурда активдүү басып, чуркап калган болсо, азыр чуркабай жатат. Менимче, өзүнчө дарылоо керек болот эми”.

Баланы сабады деген дефектолог тарбиячы мурда өзү да оорунун жеңил формасынан дарыланганы, балдар менен иштөөгө тийиштүү уруксаты бар болгону аныкталды. Ал өзү же жактоочулары окуя тууралуу азырынча комментарий берише элек.

Реабилитациялык борбордун жетекчилиги балага кол көтөргөн тарбиячы жана окуяны көрүп, кийлигишпей койгон дагы бир кызматкери иштен бошотулганын билдирди.

Бала сабалып жатканы бөлмөдөгү көзөмөл камерасына түшүп калган тасма 21-майда Интернетке чыгып, коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG