Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Британ ханзаадалары "Би-би-бисини" апасынын маеги үчүн сындашты


Британ ханзаадалары Уильям менен Гарри.
Британ ханзаадалары Уильям менен Гарри.

Британ ханзаадалары Уильям менен Гарри "Би-би-си" медиасын жана анын журналисттеринин бирин 1995-жылы канайым Дианадан "алдоо жолу" менен маек алганын сынга алышты.

Уильямдын айтымында, интервью алуу ыкмасы апасы Диананын атасы Чарльздын ортосундагы жеке маселелерди ачык айтышына жана экөөнүн ажырашуусуна "олуттуу таасир эткен".

Ханзаадалардын бул билдирүүлөрүнүн алдында көз карандысыз иликтөөнүн жыйынтыгы чыгып, анда журналист Мартин Башин Дианадан маек алуу үчүн жасалма документтерди колдонгону аныкталган.

Ханзаада Гарринин айтымында, иликтөө "адилеттүүлүккө жана чынчылдыкка карай алгачкы кадам" болду. Өткөн аптада кызматынан кеткен Башин кечирим сурап, жасалма документтер боюнча "мен абдан өкүнгөн акылсыз кадам" деп билдирди.

Диана менен тактыныны мураскери Чарльз 1996-жылы ажырашып кеткен. Кийинки жылы Диана Парижде автокырсыкта каза болгон.

"Би-би-бисинин" башкы директор корпорация отчетту кабыл алганын айтып, терең кечирим сурарын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG