Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Гарри менен Меган расмий түрдө падышалык ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти


Гарри менен Меган.
Гарри менен Меган.

Британ ханзаадасы Гарри менен анын жубайы Меган Маркл 31-мартта расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти.

Алар «Инстаграмдагы» «Sussex Royal» аккаунтундагы катталуучулары менен да кош айтышып, «мындан ары бизди бул жерден көрбөйсүздөр» деп жазышты.

Ханыша менен түзүлгөн келишим боюнча Гарри менен Меган падышалык титулду колдонушпайт. Мындан тышкары Виндзор сепилине жакын жердеги коттежди капиталдык ремонттон өткөрүш үчүн жумшалган 2,4 миллион фунт стерлингди казынага кайтарып беришет.

Ханзаада Гарри менен Меган Маркл 2018-жылы үйлөнгөндөн кийин ээ болгон Сассекс герцог жана герцогинялары титулун сактап калышат. Учурда түгөйлөр уулу Арчи менен Лос-Анжелесте жашоодо.

XS
SM
MD
LG