Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

22-майдын аба ырайы


22-майда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 7...12, күндүз 24…29;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 12…17, күндүз 27…32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -4…-9, күндүз 3…8 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус болот.

XS
SM
MD
LG