Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Аэропорттогу тажик жарандары мекенине кайтарылды


Ош эл аралык аэропортунда кармалып турган тажикстандын тургундары Маргарита Расулова, анын небереси Алиса Нарматова жана Любовь Гордеева 28-майда Тажикстанга чыгарылганы белгилүү болду. Бул маалыматты “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы ырастады.

Тажикстандык “Азия Плюс” сайты аларды алып чыгуу үчүн коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Назирмад Ализода Ошко барганын, тиешелүү мекемелер менен сүйлөшкөнүн жазды.

Өткөн жуманын аягында Орусиянын Сургут шаарынан Ошко учуп келген үч тажикстандык аба бекеттен чыгарылбай, кармалып турганы белгилүү болгон. Расмий тарап жана юристтер аларды тышкы иштер министрлеринин кийлигишүүсү менен гана чыгарып кетүүгө болорун айтышкан.

Тажикстан жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүрүүсүнө байланыштуу маселе 31-майда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Назирмад Ализода менен жолугушуусунда да козголгон. Жолугушуу тажик дипломатынын өтүнүчү менен болгон.

Бишкек. 31-май, 2021-жыл.
Бишкек. 31-май, 2021-жыл.

Мындан тышкары эки өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан калктуу аймактарында тынчтыкты коргоо, дипломатиялык, достук мамилелерди чыңдоо сүйлөшүлгөн.

Тажик жараны Маргарита Расулова алты жаштагы небереси менен 25-майда Орусиядан Ошко учуп келгенин, үч күндөн бери кыргыз аэропортунан чыга албай жатканын айтып, “Азаттык” радиосуна кайрылды.

“Тажикстан менен чек ара жабык деп жатышат. Бизди кайра Сургутка кетиришет экен. Бирок биздин документтерибиз Тажикстанга барганга гана жол берет. Орусия бизди кайра кабыл албайт. Ал жакка барганга каражатыбыз да жок. Акыркы акчабызды чогултуп, 38 миң рублге билет сатып алып мекенге кайтып келе жатканбыз. Орусиядагы аэропорттон Ошко барып, андан Тажикстанга кетсе болорун айтышкан. Бирок бизди кое бербей жатышат. Суу да беришкен жок. Сырттан нан сатып жейли десек да чыгарбай жатышат”, - деди Расулова.

“Манас” аба майданынын маалымат катчысы Алия Курбанова кармалып тургандар Орусиядан депортация болушканын билдирип, Расулованын айткандарын четке какты.

“Аэропортто ачка отурушат дегени жалган. Мага жеткен маалымат боюнча аларга “Авиатрафик” компаниясы каралашып жатат”, - деди Курбанова.

Кыргызстандын акыйкатчысынын Оштогу өкүлү Талантбек Турганбаев 28-майда Ош эл аралык аэропортунда кармалып турган тажик жарандарынан кабар алуу үчүн барган.

Аэропорттун имаратында сыртка чыга албай турган Маргарита Расулова, анын небереси Алиса Нарматова жана Любовь Гордеева ага тамак-аш менен камсыздоого жана кармоо шартына нааразы эместигин билдиришкен.

Турганбаев Коңшу өлкөнүн жарандары андан Тажикстандын аймагына өтүп кетүүгө гана жардам берүүнү сурашканын билдирди. Ал Бишкектеги башкы кеңсеге маалымат жиберерин, бул жаатта кайрылуу же башка аракеттерди көрүүнү Омбудсмен аппараты чечерин кошумчалады.

«Депортация болгон жарандын үчүнчү өлкө аркылуу учканы туура эмес»

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын өкүлү Асылкерим Ажиев аэропортто тургандар депортация болгондон кийин үчүнчү өлкө аркылуу учканы туура эмес болгонун айтууда.

"Орусиядан "мекенине кайтаруу" деген документ менен келе жаткан экен. Ал документ менен түз учушу керек болчу. Үчүнчү өлкө аркылуу учууга таптакыр болбойт эле. Экинчиден, токтом бар".

"Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери" коомдук бирикмесинин жетекчиси Азизбек Ашуров Тажикстандын Кыргызстандагы элчилиги мамлекеттик органдарга расмий кайрылып, жарандарын алып чыгып кетсе болорун айтууда.

"Мындай маселени чечүүгө ошол мамлекеттин консулдук мекемелери катышуусу керек. Тажистандын элчилигинин адистери барганы оң. Болбосо ал жаран кайрадан билет алып, Орусия аркылуу же дагы башка үчүнчү өлкө аркылуу учуп, өзүнүн мамлекетине кетиши керек. Эл аралык практикадагы тартип боюнча чет өлкө жараны өз мамлекетине түз депортация болушу керек эле. Үчүнчү мамлекет аркылуу болсо, ал мамлекетке кире алабы же жокпу такташ керек эле".

Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 21-майдагы токтомуна ылайык, Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө "убактылуу чектөө" киргизилген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов муну чек арага байланыштуу маселелер менен түшүндүргөн.

26-майда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарын Кыргызстанга барбай же кошуна өлкө аркылуу каттабай турууга чакырды. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, мындай чара Кыргызстан министрлер кабинетинин алдын ала айтпай туруп 21-майда токтом кабыл алгандыгына байланыштуу көрүлүп жатат.

Жеке адамдарга жана транспорттун бардык түрү менен жүргүнчү же жүк ташыган ишкерлерге Кыргызстандын аймагынан эмес, транзит үчүн үчүнчү өлкөлөр аркылуу өтчү маршруттарды колдонуу кеңеши берилет. Министрлик ошондой эле Кыргызстандын аймагында укуктары бузулган жарандары үчүн атайын телефондор иштеп жатканын эскерткен.

Макала жазылып атканда Кыргызстандагы Тажикстандын элчилигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

28-майдагы Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагынан Тажикстанга чыгып кетүүнү каалаган коңшу өлкөнүн жарандары үчүн өткөрмө бекеттердин тизмесин чыгарды.

Ага ылайык тажик жарандыгы бар атуулдар төмөндөгү көзөмөл өткөрмө бекеттеринен чыга алышат:

- "Кулунду - автожол"
– "Кайрагач-автожол"
– "Кызыл-Бел-автожол"
– "Бордөбө-автожол"
– "Карамык-автожол".

Министрлик чек арадагы убактылуу чектөөлөр Тажикстандын дипломатиялык кызматкерлерине, элчилик өкүлдөрүнө жана эл аралык кызматкерлерине коюлбаганын маалымдады.

Артка кайтарылган учак

25-майда да Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан Бишкекке учуп келген тажикстандык 177 жаран кайра артка жөнөтүлгөн.

Тажикстандын Бишкектеги консулу Абубакр Шодиевдин 25-майда мекендештерин чек арадан өткөрүү тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүсүнөн жыйынтык чыккан эмес. Ал чартердик каттам менен келген тажикстандыктар Кыргызстанга киргизилбей турганы боюнча алдын – ала маалымат берилген жок деп нааразы.

“Эл аралык келишимдерге ылайык, кайсы бир мамлекет экинчи бир мамлекетке байланыштуу чечим кабыл алганда ал тууралуу жазуу түрүндө алдын ала кабар берет. Бизге бул тууралуу ушул күнгө чейин эч нерсе деп айтыла элек. Эгерде маалымат болгондо аба каттамы аткарылмак эмес. Ушундан улам жарандар убара болуп жатат. Бул чартердик каттам жумасына же эки жумада бир уюштурулуп келаткан. Бул каттам анча деле көп эмес, кээде гана аткарылат”.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева окуя тууралуу мындай деген.

“Кыргызстандын Чек ара кызматы аткаруучу орган. Демек, биз Министрлер кабинетинин токтомун аткарабыз. Ал эми Тажикстан “бизге кабар берилген эмес” деп жатат. Биз кабар берүүгө да милдеттүү эмеспиз. Анткени ал Чек ара кызматынын компетенциясына кирбейт. Токтомдо “Тажикстандын жарандарынын Кыргызстандын аймагына киришине, болушуна, ары-бери жүрүшүнө жана Кыргызстандын аймагынан транзит аркылуу өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет” деп жазылган. Бул бардык транспорт менен келген адамдарга тиешелүү”.

Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстандагы аэропорттор аркылуу дээрлик күн сайын Орусиянын түрдүү аймактарына учуп турушкан.

Бишкектин коңшу мамлекет менен чек араны жабуу аракети Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы куралдуу жаңжалдан кийин орун алды. Кыргыз коомчулугу кандуу окуядан кийин бийликтен коңшу өлкө менен чек араны жаап, соода-сатыкты токтотууну, аткезчиликти тыюуну талап кылган.

28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгон.

Тажик жарандары Ош аэропортунан чыга албай турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:27 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG