Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:03

Мажитов мекенине кайтарыла элек


Эсенбай Мажитов
Эсенбай Мажитов

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Эсенбай Мажитовду камактан бошотуп, Кыргызстанга алып келүү аракеттеринен азырынча майнап чыга элек. 

Орусиянын Нижний Новгород шаарындагы абакта отурган Мажитовдун үй-бүлөсү учурда Баткендин Көк-Таш айылында өкмөт жана эл чогулткан гуманитардык жардамдын эсебинен жан багып жатат.

Аялы Айзада Хамдамова күйөөсүн сотто коргоп жаткан орусиялык адвокаттын кызмат акысы үчүн каражат чогултуп жатканын айтып берди.

“Адвокатты 90 миң рулбге жалдадык. Анын 40 миңин айылдаштарыбыз чогултуп беришти. Эми калганын чогултуу үчүн тууган-уруктан жардам сурап жатабыз. Беш балабыз бар. Кичүүсү бир жарымда. Азыр эл берген тамак-аш менен балдарды багып жатам. Ал түгөнсө кандай күн болот билбейм".

Мажитовдун бөгөт чарасы 26-майда Нижний Новгород шаардык сотунда каралып, камактагы мөөнөтү дагы үч айга узарган.

Аны 18-апрелде Тажикстандын өтүнүчү менен Орусиядан учактан түшөрү менен полицияга кармап кеткен жана соттун чечими менен 40 күнгө убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Буга Мажитовго Тажикстандын "оор кылмышкер катары эл аралык издөө жарыялаганы" себеп болгону маалымдалган.

Орусиянын укук коргоо органдары ал Тажикстанда калайман башаламандык уюштурууга айыпталгандыктан кармалганын билдирген.

Эсенбай Мажитов Баткен районунун Көк-Таш айылынын Тажикстандын Чорку айылы менен чектеш аймагында жашайт. Былтыр май айында кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкканда эки тараптан тең ок атылып, Мажитовдордун үйү өрттөлгөн. Кийин өкмөт жана элдин колдоосу менен там-ташы калыбына келтирилген.

Акыйкатчы институтунун билдиришинче, учурда Мажитов орус абагында бир камерада жети киши менен чогуу жатат. Анын алтоо орус, бирөө тажик улутундагы адам. Мажитовдун жакындары анын абактагы коопсуздугу үчүн камтама болуп, акыйкатчыга кайрылышкан.

“Мен Нижний Новгород шаарынын Омбудсмени менен сүйлөшүп, Мажитовдон кабар алышын өтүндүм. Алар абакка барганда Мажитовдун коопсуздугуна кабатыр болууга негиз жок экенин билдиришти”, - деди акыйкатчы Токон Мамытов.

Өткөн айда бир катар жарандык активисттер Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) алдына чогулуп, башкы дипомат Руслан Казакбаевдин жана Орусиядагы кыргыз элчиси Гүлнара-Клара Саматтын бул ишке көңүл буруп, расмий билдирүү жасашы керектигин талап кылышкан.

Алар “Мажитовго боштондук”, “Өлкө үчүн ар бир жаран баалуу”, “Эсен баатыр, чек арачы” деп жазылган кагаздарды көтөрүп, Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылганга жол берилбеши керектигин билдиришкен.

Эсенбай Мажитовду колдогон жарандар ТИМдин алдында чогулгандар.
Эсенбай Мажитовду колдогон жарандар ТИМдин алдында чогулгандар.

Мажитовдун ишине байланыштуу маселе өткөн аптада Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Депутат Бурул Аманова сотто расмий Дүйшөмбү Мажитовду Тажикстанга өткөрүп берүү үчүн атайын билдирүү жибергенин айтты. Аманова Министрлер кабинетинин Мажитовдун ишине көңүл бурууга чакырды.

ТИМ Орусиядагы элчилик менен иш алып жатканын “Азаттыкка” билдирди.

“Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Мажитовдун кармалгандыгы жөнүндө маалымат алган учурдан тартып, анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн керектүү иштерди жүргүзүп жатат. Бул маселе мекенин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү бул ишти ТИМ жана Башкы прокуратура көзөмөлгө алганын билдирген. Маалыматта Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылбай Кыргызстанга кайтаруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылган.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Алмаз Тажибаев Мажитовдун окуясына окшогон учурларда үчүнчү өлкө кандай мамиле кыларын түшүндүрүп берди.

“Тажикстандын өтүнүчү менен Орусия кыргыз жаранын соттой албайт. Ошол эле учурда Тажикстанга да өткөрүп берүүгө укугу жок. Эгер ал тажик жараны болсо башка кеп. Бирок ал Кыргызстандын жараны болуп жатпайбы. Ошондуктан мындан аркы кадам кыргыз бийлигинин аракетинен көз каранды болот”.

Чек арадагы чырга байланыштуу кошуна өлкөнүн өтүнүчү менен үчүнчү өлкөдө кармалган кыргызстандыктын окуясы биринчи жолу катталды.

Буга чейин тажик маалымат каражаттары чек арадагы чыр-чатакка байланыштуу Кыргызстан Тажикстандын Ворух анклавынын 23 тургунуна эл аралык издөө жарыялаганын жазган.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Буга байланыштуу эки өлкө бирин-бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG