Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

““Гүлен фактору” кыргыз-түрк алакасына таасир этпейт"


Талант Кушчубеков, Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков кыргыз-түрк мамилелеринин акыркы жагдайы, эки өлкөнүн алакаларына "Гүлен факторунун" таасири, “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Кечээтен берки күндүн башкы окуясы Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу болуп жатат. Президент Садыр Жапаров аны издеп табууга күч түзүмдөрүнө тапшырма берди. Бул факт кыргыз-түрк алакаларына таасир этери тууралуу да пикирлер айтылып жатат. Сиз кандай мүнөздөп жатасыз?

Талант Кушчубеков: Ал киши эмне себептен уурдалганы белгисиз. Ошондуктан, түздөн-түз пикир айтыш кыйын. Бул окуя кыргыз-түрк алакаларына кандайдыр бир таасир этет дегенден алысмын. Себеби, бул азырынча саясий иш эмес да. Ошондуктан, сабырдуулукту сакташ керек деп эсептейм. Экинчиден, Кыргызстандын жараны болгондон кийин укук коргоо органдары тарабынан изделип, аны жасаган кишилер жоопко тартылышы керек.

"Азаттык": Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин учурунда Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда жаңыча мамиле курулуп жаткан сыяктуу. Муну көптөгөн жолугушуулардан, пикир алышуулардан байкоого болот. Майдын башында президент Жапаров да түрк маалымат каражатына берген интервьюсунда акыркы төрт-беш жылда мамиле салкындап кеткени, мындан ары тыгыз кызматташуу болору тууралуу айтты. Бүгүнкү күндөгү кызматташтыктын деңгээли кандай?

Талант Кушчубеков: Президенттин айтканында аз болсо да чындык бар. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган мезгилде, Орусиянын учагынын Түркияда чек араны бузду деген негизде атып түшүрүлүп, учкучтардын каза болгонуна байланыштуу бир тараптуу көз карашын айтып койгону таарыныч пайда кылган. Аз болсо да таасири тийген. Кичинекей тарыхыбызда өйдө-ылдый болгон учурлар бар. Эми ал саясатчыларга гана тиешелүү көрүнүш. Бирок карым-катыш жаман болуп кетти дегенден алысмын. Мен Түркияда иштеп, билген адам катары Түркияны Кыргызстандан жардамын аябаган, жардам берип жүргөн бирден-бир өлкө деп эсептейм.

Президент бекер айткан жок, жакынкы күндөрү сапарга барары тууралуу маалымат тараган. Демек, бир топ маселелер кайра баштан талкууланып, жаңы чакырыктарга, акыркы болгон окуяларга байланыштуу жемиштүү сүйлөшүүлөр болот го.

"Азаттык": Сиз айткандай, Садыр Жапаров жакында Түркияга барганы жатат. Анда сүйлөшө турган маанилүү маселелер деп кайсыларды атайт элеңиз?

Талант Кушчубеков: Чынында ал биздин ал-ахыбалыбыздан чыга турган маселе. Биз үчүн башкысы – экономика. Экинчиси, өкүнүчтүү жагы, чек арада болгон жаман окуялардан кийин ойлонто турган, чече турган бир топ маселелер пайда болду. Ал тууралуу да сүйлөшө турган өлкөлөрдүн бири – Түркия.

"Азаттык": Бишкек менен Анкаранын жакындашуу аракетине, сиз айткандай, чек арадагы окуя таасир этип, аргасыздык болуп атат деген пикирлерге кошуласызбы?

Талант Кушчубеков: Аргасыздык деп айтсак деле болот. Биздин даяр эмес экенибизди убакыт көрсөтүп атпайбы. Мүмкүнчүлүгүбүз жетпей атат. Түркия бул маселелерде жардам бере турган саналуу өлкөлөрдүн бирден-бири болууда. Чек арада 100 там куруп беребиз деп да айтып атпайбы. Башка боордош өлкөлөр моралдык жактан колдоп жатканы менен, мындай жардам тууралуу сөз чыга элек да. Мен башка өлкөлөрдү жамандайын деген жокмун, бирок бул көрүнүш бир туугандыкты көрсөтүп аткандын бир эле белгиси.

"Азаттык": Кыргыз-түрк алакаларындагы маселелердин бири – “Гүлен фактору”. Бардык учурда, бардык президенттердин тушунда бул маселе көтөрүлүп келет. Ал кыргыз-түрк алакаларына кандай таасир этиши мүмкүн?

Талант Кушчубеков: Ачык айтыш керек, бул оор маселе. Себеби, бул система бизге 1992-1993-жылдан баштап келген. Бир топ жылдан бери иштеп, билим берүү тармагында өзүнүн дооруна ээ болуп калбадыбы. Биринчи келгенде Түркия деле биздин өлкөгө катуу сын айткан эмес. Анда негизги куруучу динчи аалым Фетхуллах Гүлен экени биздин өлкөгө деле, өкмөткө деле белгилүү болчу. Ал киши кезинде Түркияга деле өтө чоң салымын кошкон. Кийин саясий келишпестик пайда болду. Ага Түркиянын ички иши катары гана карадык.

Кийин, 2016-жылдары Анкара Түркиядагы чатакка ал кишинин түздөн-түз күнөөсү бар деп ачык айтып калды. Бирок бизге түздөн-түз айтылган учурда маселени дароо чечип салуу мүмкүн эмес болгон. Миңдеген балдар ошол мектептен билим алып аткандан кийин, алардын дагы тагдырын бир күндө чечиш, башка мектепке которуп салыш мүмкүн эмес эле.

Биздин өкмөт бул системаны келечекте карап көрсөк болот деп, ошондой жоопту берген. Түрк өкмөтү менен алар түзгөн “Маариф” мектебин ачалы деген сүйлөшүү эсимде. Ал азыр бүтүп да калды окшойт. Демек, маселени чечиштин жолу бар. Чечилет деп ойлойм. Мен “Сапат” (“Себат”) системасы биздин алакабызды принципиалдуу бузат, балта чабат деген ойдон алысмын.

"Азаттык": Кызматташтыктын геосаясий өңүтүнө кандай баа бересиз?

Талант Кушчубеков: Кандай мамиле түзөт, ар бир өлкөнүн өз эрки. Кайсы бир өлкө менен түзгөн карым-катышың башка өлкөгө каршы багытталбаса болду. Жалпы биздин тышкы саясатыбызда андайга жол берилбейт.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG