Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:12

Инандыны табууну талап кылгандар өкмөт үйүнүн алдына барды


“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында. 02.06.2021
“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандар Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астында. 02.06.2021

31-майдын түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны табууну талап кылган жарандардын акциясы Министрлер кабинетинин имаратынын жанында уланууда.

Алар алгач Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин астына чогулган. Митингге чыккандар президент, Министрлер кабинетинин төрагасы отурган имаратка барганда бийликтен маалымат берүүнү талап кылышты. Алар “Орхан Инанды табылсын”, “Орхан агай кыргыз жараны” деп кыйкырып турушат.

Орхан Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук Бишкекте табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров 1-июнда кыргыз жараны Орхан Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул фактыны Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен териштирип жатат. Министрликтин, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен турган ыксам топ Орхан Инанды издеп жатат.

Анын тарапташтары менен жакындары Орхан Инандынын жоголушунун артында түрк атайын кызматтары турушу мүмкүн деп шек санап жатышат. Түрк элчилиги болсо мындай дооматтарга үн ката элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Орхан Инандыга 2019-жылы айрым уюшкан кылмыштуу топтор аны акча талап кылыш үчүн уурдашы мүмкүн экендиги тууралуу эскертилгенин билдирди. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG