Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Кумтөр: экс-депутаттар Пирматов менен Узакбаев эки айга камалды


Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов.
Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов.

Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр иши” боюнча кармалган мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талант Узакбаевдин бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) абагында калтырды. Экс-депутаттар 31-майда Кумтөр ишине байланыштуу кармалган.

Сотто мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун дагы бөгөт чарасы каралып жатат, азырынча чечим чыга элек.

Бабанов сотко кирип баратканда журналисттердин суроолоруна учкай жооп берип жатып өзүнө козголгон кылмыш ишин "толук аша чапкандык, акылга сыйгыс" деп атады.

Атайын кызмат мурдагы жана азыркы бир нече аткаминерге “Кумтөр иши” боюнча айып койду. 31-майда кечинде Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков “Кумтөр иши”, Төрөбай Зулпукаров “Мыйзамсыз баюу” боюнча эки айга камалган.

Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул иш боюнча күбө катары көрсөтмө берип чыккан. Буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев кендин ишмердигин иликтөөнүн алкагында бир нече киши камакка алынарын эскерткен эле.

1-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров да УКМКда сурак берди. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG