Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Беларуста активист сотто өзүнө кол салды


Активист Степан Латыповду "Тез жардам" машинесине жүктөп жатышат. 1-июнь, 2021-жыл.
Активист Степан Латыповду "Тез жардам" машинесине жүктөп жатышат. 1-июнь, 2021-жыл.

Беларуста активист Степан Латыпов соттун жыйынында кекиртегин тилип салып, ооруканага жеткирилди. "Весна" укук коргоо уюму билдиргендей, ал мунун алдында атасына кайрылып, "ата, мен сизге жолуккандан кийин эгер мага тагылган күнөөнү мойнума албасам, менин жакындарымды жана коңшуларымды кылмыш жоопкерчилигине тартарын айтышты", -дегенден кийин өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган.

Сотко катышкан күбөлөрдүн айтымында, ал кекиртегине калем сапты сайып салган. Күзөтчүлөр ал кармалып турган темир торду дароо ача алышкан эмес. Ачкыч табылып, зшик ачылгыча Степан эс-учун жоготкон.

Активистти "Тез жардам" алып кетип, операция жасалганы, абалы канааттандырарлык экени кийин кабарланды.

Степан Латыпов 15-сентябрда үйүнүн короосунда тартылган оппозициянын символдорун өчүрүп жаткандарга жолтоо болгону үчүн кармалган. Анын үйү тинтилген. Акырында Латыповго "Милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн", "Коомдук тартипти одоно бузган башаламандык уюштурган", "Ири көлөмдөгү алдамчылыкка барган" деген беренелер боюнча айып коюлган.

Латыпов былтыр жайдан бери кармалган он миңдеген беларустардын бири. Соңку президенттик шайлоодо Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Оппозиция жана анын тарапташтары добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартып, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылып демонстрацияларга чыгышкан. Ошондон бери өлкөдө саясий кырдаал курчуп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG