Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:29

Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековдун тарапташтары чогулду


Кара-Кулжа районунда Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митинге чыгышты

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыкты. Нааразылык акция 1-июнда кечки 18:00дө район борборунда башталды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев митингге жүздөн ашуун адам чыкканын кабарлады.

"Чогулгандардын негизги талабы Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, анын үй камагына чыгаруу болду. Эгер бул талап аткарылбаса нааразылык акциясы Бишкек шаарында уланарын айтышты",-деди Аширбаев.

Митингди учурда жергиликтүү милиция көзөмөлдөп турат. Акциянын катышуучулары талабын жогору бийликке жеткирүү үчүн аны кагаз түрүндө райондук адмнистрацияга тапшырышты.

Атайын кызмат бир нече аткаминерлерге Кумтөр ишине байланыштуу айып койду.

Козголгон кылмыш ишинин негизинде 31-майда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен мурдагы депутаттар Исхак Пирматов жана Талантбек Узакбаев кармалган. Дагы бир мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов бул ишке байланыштуу күбө катары көрсөтмө берип чыкты. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG