Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:23

Рейхан Инанды: күйөөм өлкөдөн чыгарылса өмүрүнө коркунуч туулат


Бишкекте түрк элчилигинин алдындагы Орхан Инандыны колдогондордун митинги.
Бишкекте түрк элчилигинин алдындагы Орхан Инандыны колдогондордун митинги.

Бишкекте 31-майдан 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон "Сапат" билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын аялы Рейхан Инанды социалдык тармак аркылуу Кыргызстандын бийлигине кайрылды.

Анда ал күйөөсү жоголгондон бери аны издөө иштерине жардам берип жаткан бардык кыргызстандык тааныштарына, дос, жакындары менен "Сапат" мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө ыраазычылык билдирди.

"Мен күйөөм сак-саламат эле арабызга кайтып келүүсүн каалайм. Андан башка тилегим жок. Кыргыз бийлигинен, элинен, жетекчилерден күйөөмдү издөөгө көмөк көрсөтүүсүн суранам. Кокус аны Түркияга депортация кылышса өмүрүнө коркунуч келерин түрк басылмаларын окуп, билген адамдар аз да болсо билсе керек. Өмүрү коркунучта деп кооптонуп жатам. Кыргыз элинин айкөлдүгүнө, меймандостугуна ишенемин. Күйөөмдү депортациялабайт деп үмүттөнөм".

Инандынын эшиги ачык турган машинеси 1-июнга караган түнү таңга жуук өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. Милицияга арызды анын уулу жазып, акыркы жолу атасы байланышка 31-майда кечинде чыкканын, ошо бойдон дайынсыз экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Инандыны издөө иштерин күчөтүүнү жана кошумча күч тартууну тапшырган.

Инандыны издөө үчүн милициянын ыкчам тергөө тобу түзүлгөнүн, анын курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер киргенин Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаган.

Кыргызстанда 20дан ашуун "Сапат" жеке лицейинин, "Ататүрк-Алатоо" университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды теги түркиялык, бирок Кыргызстандын жарандыгын алган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG